Казакстандын ажосу Өзбекстанга келди. Ким тосуп алды?

Касым-Жомарт Токаевдин президенттик ишмердүүлүгү башталгандан тарта бул чет өлкөгө чыккан экинчи сапары.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 14-апрелде, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан билдирди.

Ташкенттеги эл аралык аба майданда жогорку даражалуу конокту Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган.

Сапардын негизги иш-чаралары бүгүн, 15-апрелде, Көк-Сарай резиденциясында болот. Президенттер тар чөйрөдө жана делегациянын катышуусунда кеңири курамда жолугуп, сүйлөшүүлөр уланат. Анда аймак аралык өз ара кызматташуу, эки тараптуу алакаларды бекемдөө туурасында кеп болот. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен маанилүү делген бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Токаев: башкаларчылап элибиз аянтка чыккан жок. Казак башчысынын маеги
Эки президент Өзбекстандагы Казакстан жылынын расмий ачылышынын салтанатына катышат.

Токаевдин президент катары биринчи сапары Россияга жасалган.

2019-жылдын 19-мартында Нурсултан Назарбаев Казакстандын президенттигинен кетип, ордуна 20-мартта Касым-Жомарт Токаев келген.