БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы төрт шаарда мурдагы депутат Өмүрбек Бабановду колдоо боюнча митинг өткөрүлмөк. Бирок 14:00дөн 15:00гө чейинки убакытта топтолгон эл байкалбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары билдирди.
Митинг саат 14:00дө башталмак. Бирок 13-апрелде абал өзгөрүп, Бабанов Кыргызстанга келбей турганын, аны колдогон митингдерди өткөрбөөнү суранган. Өз кезегинде ИИМ дагы чагымчыл күчтөр башаламандык уюштуруп кетиши ыктымалдыгын эскертип, эгер андай нерсе болсо, митингдин уюштуруучулары менен демилгечилери жоопко тартыла турганын билдирген. Кийин "Республика" партиясы пландалган бардык иш-чаралар токтотулганын маалымдаган.
Бишкекте саясатчыны колдогон тынчтык митингин эски аянтта өткөрүү пландалган. Бирок сот ага уруксат бербей, Максим Горький атындагы паркта өткөрүүнү сунуштаган. Анткен менен Бабановдун тарапташтары митингди кандай болсо да өкмөт үйүнүн алдында өткөрө турганын айтышкан.
Эски аянтта саат 15:40ка алганда абал тынч. Ал жакта эртең менен ден соолук күнүн утурлай атайын иш-чара өткөн. Азыр аянтка коюлган атайын сахна жана башка нерселер алынып, иретке келтирилүүдө.
Таласта да борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салынып, иш-чараны шаардык стадиондо өткөрүү сунушталган. Эки жерде тең чогулган кишилер жок. Шаардын борбордук аянтында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги мал доктурларга мотоцикл тапшырды. Ал эми стадионго болгону эки аял келген. Алар кабарчыдан Бабанов келбей турганын билгенден кийин пикеттин уюштуруучуларына чалышканда уюштуруучулар да тастыктаган.
Караколдогу абал да ушундай эле. Аянтта да, стадиондо да чогулган кишилер жок.
Нарында митингге чыгам дегендерге аянтта чогулууга уруксат берилген. Бирок ал жакта да эч ким чогулган эмес. Ошентсе да жергиликтүү тургундардын айтымында, аянтта Тез жардам машинасы менен милициянын автоунаасы турганын көрүшкөн.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.
Нооруз күнү Бабанов кыргыз элине куттуктоо жолдоп, сөзүнүн соңунда "жакында көрүшкөнчө" деп жазган. Ал эми УКМК саясатчы келсе "мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын" эске салган.