Бишкекте бактын кулашынан үч унаа жабыркады. Сүрөт

Жаандан улам Бишкектин үч жеринде бак кулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Токтобой жааган жамгырдан улам Бишкектин ар кайсы жерине үч бак кулаганын мэриядан айтышты.

Ушу тапта калаа кызматтары жаандын кесепетин жоюу иштерин аткарып жатат.

"Бактын кулаганы тууралуу биринчи маалымат эртең менен түштү, мында дарак Бөкөнбаев көчөсүндөгү №146 үйдүн алдында токтоп турган үч унаага түшкөн. Окуя болгон жерге "Зеленхоз" ишканасынын бригадасы чыгып, бакты араалап салды", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Арал көчөсүндө арыкта өскөн абрикос багы кулаган. Тамыры чирип, салмагын көтөр албай калган дарак жанындагы үйдүн дарбазасына кулап түшкөн. 

Бишкекте бактын кулашынан үч унаа жабыркады. Сүрөт

Тыныстанов көчөсүндө кулаган бакты да "Зеленхоздун" жумушчулары барып таарып салышты. Маалыматта бул дарактын да тамыры чирип кеткени айтылды.

Мындан тышкары, мэрия "Тазалыктын" 100дөй кызматкери шаар боюнча арыктарды таштандыдан тазалап, суу буруп иштеп жүрүшкөнүн кабарлады.