2019-жылдын 6-мартында өкмөттүн токтому менен Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик уюштуруу комитети түзүлдү. Бул туура иш-чара, Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө баарыбыз үчүн маанилүү окуя деп ойлойм.
Бир кылымда жүз жыл болсо, ошол XX кылымдын дээрлик чейрек кылымында Турдакун Усубалиев Кыргызстанды жетектеди, ал чейрек кылым Кыргызстан үчүн өзүнчө ренессанс доору болуп калды. Төмөндөгү макалам ушул улуу инсанга арналат.
Аталган иш-чараны өкмөт тийиштүү деңгээлде өткөрөт деген ойдомун. Менимче, Усубалиевдин 100 жылдыгы Кыргызстандын гана деңгээлинде эмес, КМШнын деңгээлинде белгилениши абзел.
Ак таажычан падыша
…Кимдир бирөөнү биринчи көргөндөгү элеси кийин канча убакыт өтсө да ошол бойдон көз алдыңа тартыла берери анык эмеспи.
1983-жылдын январь айында борбор шаарда "Кыргыз улутундагылардан аскердик офицерлерди даярдоо" боюнча республикалык кеңешме болуп, 7-8-класста мыкты окуган балдар делегат катары келип, алдыңкы катарда отургандыктан биринчи секретарь Турдакун Усубалиевди жакындан көрүп сүйүнгөнүбүздү айтпа. Айрыкча, калыпка салып жасап койгондой куудай аппак чачы эсимде калыптыр.
Кийин 1986-жылы КМУнун студенти кезибизде Ленин китепканасынан чыгып келе жатып Турдакун Усубалиевичти жолуктурдук. Адегенде ал киши кантип эле китепканага келсин деп ойлодум. Бирок чачынан тааныдым. Мындай аппак чач ушундай тарамы менен ушул эле кишиде болушу мүмкүн дедим. Сыртта кар сампарлап жаап турган. Ал киши шашпай карапайым, каадалуу басыгына салып, баскан сайын кыртылдап жаш кар үн чыгарып. Биз курсташым экөөбүз артынан келе жаттык, же таанышканга, же алдына озуп чыгып учурашканга батына албай. Кантсе да падышалык сүр бар да. Жарыктык киши, чач тарамым бузулуп калат дегениби, баш кийимсиз келген экен. Куудай чачына кар жаап жатса, тимеле улуу тоого аппак кар жаап жаткандай бизге бир керемет көрүндү.
Андан бери нечен суулар агып, канча жылдар өттү. Ал инсан менен кенен баарлашып сүйлөшкөн учурлар болду. Бирок баягы падышалык парасаты үчүн атайын жасалган таажы сымак чач тарамы эч өзгөргөн жок. Анысы токтоо басыгына, парасаттуу бой-келбетине куп жарашып келет. Сыртынан бир караган адамга бул кишинин өмүрү да дал ушул калыбынан жазбаган басыгындай бир калыпта өткөн таризде. Түпкүлүгүндө андай эмес экен го…
Биринчи улуттук долбоор
Камбар-Ата–2 ГЭСинин курулуш иштери тасмага түшүрүлгөн "Биринчи улуттук долбоор" аттуу реклама күнүнө жок дегенде 5-6 ирет көрсөтүлгөнү менен мындан жарым кылым илгери эле чыныгы биринчи улуттук долбоор Усубалиев тарабынан башталып, Токтогул суу сактагычы, Токтогул ГЭСи жана каскады курулганын кыргызий эс тутум али унута элек чыгар.
Усубалиевдин чечкиндүүлүк позициясын аныктаган мынабу окуя болбосо, азыр наркы экономикалык суверендүүлүккө тете болуп калган Токтогул курулат беле, же курулбайт беле... Бул окуяны ошондогу райондун биринчи катчысы, маркум Матен Сыдыков айтып берген эле.
Көп убакыттан бери эле экономикалык реформалар жөнүндө сөз болуп, анын алгылыктуу (приоритеттүү) багыттары тууралуу айтылып келет. Өлкөбүздүн өзөктүү тармактары өткөн кылымдын 70-жылдары эле Усубалиев тарабынан негиздүү аныкталгандыгын мойнубузга алганыбыз ийги. Ал багыттар кайсылар? Эң ириде энергетика, тоо-кен өндүрүшү, туризм, текстиль өнөр жайы жана агрардык тармак.
Азыркы саясатчылардын майдачылдыгы улам арбыныраак билинген сайын Турдакун Усубалиевичтин бараандуу карааны ошончо улам кабелтең көрүнүүдө.
Социалисттик ренессанс
Усубалиев республиканы жетектеген 25 жыл ичинде эң төмөнкү өсүш 4,2 пайызды, ал эми эң жогорку өсүш 8,5 пайызды түзгөн. Бул "чудо" эмеспи?..
Же баш калааны алалы. 60-жылдарга чейин Фрунзе шаары түштүгү темир жолго араң жеткен, түндүгү БЧК менен чектелген азыркы райборбордон анча айырмалана бербеген калаа болгонун улуу муундар эскерип келет. Күнү бүгүн да Бишкек шаарынын ажарын ачып турган имараттардын демилгечиси да, архитектору да, прорабы да Усубалиев эмей ким эле? Орто Азиядагы жалгыз Кардиология борбору, Политехникалык, Медицина институту, Илимдер академиясы, Гуманитардык, Кыргыз-Славян университети, "Учкун" акционердик коому, Профсоюздар имараты, Мамлекеттик архив, Тышкы иштер, Коргоо, Коопсуздук жана Ички иштер министрлиги, автовокзал, КТР, бүт кичирайондор, Манас, Алматы, Чүй, Байтик проспектилери, "Ысык-Көл", "Достук" мейманкалары, "Ала-Арча" резиденциясы, Борбордук китепкана, драмтеатр, филармония, көркөм музей, "Россия", "Манас" кинотеатрлары, Спорт сарайы, Ала-Тоо, Жеңиш аянттары, "Айчүрөк" соода борбору, "Манас" аэропорту ж.б.д.у.с.
Бийлик кимдир бирөө үчүн укмуштай кумар, а бирөөгө баш айланткан бийиктик, дагы бирөөгө байлык топтоо үчүн берилген инструмент болсо, ал эми Усубалиев үчүн өз жөндөмүн көрсөтүп, элине опол тоодой кызмат кылуу үчүн бир берилген эле тарыхый шанс болучу. Ал мүмкүнчүлүктү өтө сараңдык менен пайдаланды.
Салижан Жигитовдон бир шиңгил
Саясатчы ириде сөзүнөн, кээде позициясынан, айрыкча алкымынан жаңылат. Кызматтан кетээри менен кылтак издеген кремлдик "десантура" кийин жергиликтүү "агентура" менен биригип, Усубалиевдин ишмердигинен эч кине таап, атына көө жаба алышпады. Бул анын саясий оппоненттеринин алсыздыгы эмес, тескерисинче, Усубалиевдин күчтүүлүгү жана элинин астында абийиринин таза экендиги болчу. Балким, бул инсандын ишмердигинде деле майда-чүйдө мүчүлүштүктөр болгон чыгар. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген кайсы бир кемчилиги документ же далил түрүндө болсо, эмдигиче табылары айгине эмеспи. Анткени ал мамлекеттик гана кызыкчылыкты туу тутуп дүнүйөкорлук оорусуна азгырылган эмес. Ак сүйлөп, адилет бийлик жүргүзүп, адал жүрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Бул Усубалиевдин эң зор көөнөрбөс капиталы.
Майрамдалбай калган маараке
1999-жылы Усубалиевдин 80 жылдыгын белгилөө боюнча мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүп, даярдыктар көрүлүп жаткан эле… Анан бир күнү эле аксакал өз мааракесин белгилөөдөн баш тартты. "Менин кыргыз элим башына иш түшүп, Баткенде диний экстремисттер топтору биздин жоокерлердин өмүрүн кыйып, бир канчасы али барымтада жатса, мен кантип той кылмак элем" деген мааниде өзүнүн кабыл алган чечимин тастыктады. Жеңил, үстүртөн кабыл алган кишиге бул пиар-кампания сыяктуу кабыл алынышы мүмкүн эле. А түпкүлүгүндө өз өмүрүн элинин өмүрүнөн айрып карай албаган, накта кеменгер инсан гана ушундай кадамга бара алмак.
"Мамлекеттик" деген эмне?
Андай болсо мамлекеттик акыл-эс деген эмне? Ал кантип жаралат? Кан мененби же билим мененби?
Мамлекетчил (государственник), мамлекеттик позиция, мамлекеттик кызыкчылык деген түшүнүктөр биз үчүн приоритетпи? Болсо, кимдин мисалында?
Бизде мамлекеттик идеал барбы? Болсо кана?
Мамлекеттик парасат (солидность) жана мамлекеттик жоопкерчилик, ынсап бизге мүнөздүүбү? Мамлекеттик тилектештикчи?
Саясатчыларыбыз абдан көп. Кимиси мамлекеттик ишмер? Ишкерлер көп, а ишмерлер кайда?
Алардын баарында эле мамлекеттик деңгээл же мамлекеттик тажрыйба, мамлекеттик бедел барбы?
Мамлекетибизди кантип сактап кала алабыз?
Деги ушул сыяктуу ой түйшөлткөн жоопсуз суроолор арбын. Буга ким так жооп берет алат?
Албетте, өтөлгөлүү өз өмүрүнүн мисалында бул суроолорго эң татыктуу жоопту журт аксакалы Турдакун Усубалиевич бере алары шексиз эле. А биз болсо али да болсо мамлекеттүүлүк үчүн сынактан өтүп жаткандайбыз.
Турдакун Усубалиевич жөнүндө бул макаланы жазып жатканымда саясатка аралашпаган, бирок чукугандай сөз тапкан бир байке келип калды. Усубалиев тууралуу макала жазып жатканымды айтсам, кошумчалап койчу дейт. "Бу киши 25 жыл ичинде байкабай эле көп завод-фабрикаларды, базар-сазарларды, дүкөн-пүкөн, сарай-парайларды курдуруп салган экен, жыйырма жылдан бери менчиктештирип, талап-тоноп түгөтө албай койдук",- дейт.
2015-жылы сентябрдын таңында "Кылым жашап, чейрек кылым башкарган кадимки Калыгул байдын урпагы Турдакун Усубалиевич кайтыш болду" – деп суук кабар уктук...
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Аны менен кошо өзүнчө бир доор кетти бейм.