БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия лидери менен бардык маселелер боюнча тил табыштык. Бул тууралуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши менен кеңири чөйрөдө жолугушуу маалында айтты.
Жээнбеков эки өлкөнүн ортосунда транспорт, соода, аскер жана аскер-техникалык жаатындагы мамилелер бекемделгенин айтты.
"Кыргыз жарандарына миграциялык мунапыс жарыялап бергениңиздер үчүн ыраазыбыз, бул биз үчүн чоң колдоо. Кыргызстандын ЕАЭБге адаптациялашуу маалында Россиянын 200 миллион доллар өлчөмүндө көрсөткөн жардамын жогору баалайбыз. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун ишин өзгөчө белгилеп кетишибиз зарыл", — деди мамлекет башчы.
Президент болуп жаткан жолугушуу эки өлкөнүн кызматташуудагы келерки кадамын аныктоого шарт түзөрүн белгиледи.
Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда эмне болуп жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясын окуңуздар.