Путинди "Ала-Арча" резиденциясынан тосуп алуу салтанаты. КТРКнын видеосу

"Ала-Арча" резиденциясында КРге мамлекеттик сапар менен келген Россия президенти Владимир Путинди тосуп алуу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.
Sputnik

Путин конгресс-холлго саат 12.25те келди. Салтанат Россия гимни менен башталып, андан соң аскердик оркестр Кыргызстандын гимнин аткарды.

Жээнбеков менен Путиндин тар чөйрөдөгү жолугушуусу өтүп жатат
Россия лидери Ардак кароол менен "Салам, аскер!" деп кыргызча учурашты.

Андан ары президенттер эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү жана дипломаттар менен саламдашты. Мындан соң өлкө башчылар жолугушуулар өтүүчү жайга бет алышты.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) салтанаттан видеотрансляция жүргүздү.

Учурда тар чөйрөдөгү жолугушуу өтүп жатат.