Улакка ат алып, ага ысым таппай жатасызбы? "Манастагы" тулпарлар. III бөлүк

"Ат — адамдын канаты", "Ат ээси менен, баш мээси менен", "Атың барда эл тааны, атаң барда жер тааны", "Ат башына күн тууса, ооздугу менен суу ичет, эр башына күн тууса, өтүгү менен суу кечет", "Жакшы аттын жалын сакта, жакшы эрдин кадырын сакта" деген макалдардан эзелтеден адам менен жылкынын байланышы тыгыз болгонун билүүгө болот.
Sputnik

Жылкы баласы азыркы жашоодо да ордун жоготкон жок. Өзгөчө акыркы жылдары "ат алып койдум" деп короосуна тулпар байлап, кара жумушка салбай, көрк үчүн минип, көк бөрү менен улакка салгандар көбөйдү.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасынын чыгарылышында тулпарына ат коем дегендерди эске алуу менен "Манас энциклопедиясы" (1995-жыл) китебинен эпостогу күлүктөрдү жана алардын ээлерин тизмектедик.

Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби?
"Манас" эпосунда 100дөн ашык аттын ысымы эскерилгендиктен материалды бир нече санга бөлүп берүүнү туура көргөнбүз. Өткөн жумаларда биринчи жана экинчи бөлүктөрү чыккан болчу.

Октору — Кербендин байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо отузунчу келип, Кербен тагдырына буюрган Серсабакка үйлөнөт;

Орку кула бээ — Ороңгунун жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү;

Оркызыл — Жүгөрүнүн байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта онунчу болуп келет;

Оркызыл — Ошпурдун күлүгү. Тейиш кандын тоюндагы ат чабышта байге алган кырк аттын бири;

Салкүрөң — Жоорунчунун байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде жыйырманчы болуп келген Жоорунчу тагдырына буюрган Мунусканга үйлөнөт;

Салкүрөң — Төртайдын байгеге чапкан күлүгү;

Салкызыл — Бакайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишинин урматына өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага экинчи болуп келет;

Сарала — Саламаттын минген аты;

Суркоен — Толтойдун тулпары;

Урпактарды "чыйпылдак", "быйпылдак" деген уят! Тилдеги аша чапкандык
Тайбуурул, Нарбуурул, Нарбуудан — Саякбай Каралаевдин вариантында Манастан Семетейге мураска өткөн тулпар;

Тайтору — Кошойдун минген аты. Колго түшүп Кытайдын зынданында жаткан Билерик менен Жарманасты бошотуп алуу үчүн Кошой Бээжинге минип барган ат;

Телкүрөң — Абыштын байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты байгелүү болгон Абыш тагдырына буюрган Сулайкага үйлөнөт;

Телкүрөң — Акбалтанын аты. Манас төрөлгөндө Жакыпка сүйүнчүлөп Акбалта минип барган ат;

Телтору — Эламандын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта марага бирден кийин келгени айтылат;

Тоокара — Карачтын тулпары;

Тоокара — Төлөктүн байгеге чапкан күлүгү;

Тоотору — Кыястын минген аты;

Торкашка — Алтынкөкүлдүн аты;

Тору айгыр — Коңурбайдын жылкычыларынын башчысы Карагулдун минген аты;

Торучаар — Манастын Аккулага чейинки минген аты;

Уратору — Жанаалынын тулпары;

Чаар ат — Чалыбайдын байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо сегизинчи болуп келип, Чалыбай тагдырына буюрган Сейилсамга үйлөнөт;

Чалаңкөк — Жайнактын байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чабышта жыйырма бешинчи болуп келет;

Чалкуйрук — Төштүктүн жоого минген аты.