Конор Макгрегор карьерасы аяктагандыгын жар салды

Ал КМШ аймагындагы спорт күйөрмандарына Хабиб Нурмагомедов менен беттешкенден кийин да көбүрөөк таанылган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ирландиялык мушкер, UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор мушташ өнөрү боюнча карьерасын аяктагандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

​Спортчу карьерасын жыйынтыктап жатканын өзүнүн социалдык тармактагы аккаунтуна да жазган. 

Макгрегор 15 жашынан тарта күрөш менен машыккан. 18 жашында эрежесиз уруш боюнча алгачкы ирет сегиз бурчтукка чыккан. UFC уюмуна келип, эки салмак категорияда чемпион болгон жалгыз мушкер. Жалпы ММАда 24 беттеш өткөргөн. Үч гана жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Ал КМШ аймагындагы спорт күйөрмандарына Хабиб Нурмагомедов менен беттешкенден кийин да көбүрөөк таанылган.
2018-жылы 6-октябрда россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону титилун коргоп калган. Андан соң америкалык боксчу Флойд Мейвезерди беттешүүгө чакырып, сунушту кабыл алган Мейвезерге беттеш Лас-Вегастан башка шаарда өтсүн деген талабын билдирген.

Эки спортчунун беттеши боюнча бир нече материалдар окурмандарга тартууланган. 

Макгрегор салмакка түшүү учурунда Хабибди тээп сала жаздаган видео тараган.  

Отургучтар ыргып... Хабиб менен Конордун күйөрман кыздары мушташкан видео чыккан. 

Конор Макгрегор жеңилгенден кийин үн каткан

 Нурмагомедовдун атасы Макгрегорду кечирип, Дагестанга чакырган.