Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе эмне болорун УКМК айтты

Өмүрбек Бабановго карата эки кылмыш иши козголуп, анын бирөө кыскартылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов эгер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келе турган болсо "мыйзам боюнча жоопко тартыла турганын" Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Белгилей кетсек, мурдагы депутат, "Республика — Ата Журт" фракциясынын экс-лидери Өмүрбек Бабанов 21-мартта өзүнүн Facebook баракчасына жакында Кыргызстанга келем деген маанайда кайрылуу жасаган.

Ал ортодо Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев, Максат Сабиров жергиликтүү ЖМКларга Бабановдун Кыргызстанга келиши боюнча бийликтегилер менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

Руслан Казакбаев: жакында Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келиши керек
УКМКнын маалымдашынча, Бабановго карата эки кылмыш иши козголгон. Алардын биринде Ош шаарынын Амир-Тимур кичирайонунда айткан чагымчыл сөздөрү боюнча, экинчисинде бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштурууга айыпталган болчу.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 2018-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө процесси токтотулганын билдирген.