Алтын түстүү чапанчан Назарбаев жаңы президент менен чогуу элди куттуктады. Сүрөт

Эски, жаңы президенттерди салттуу ыры менен белгилүү ырчы Роза Рымбаева тосуп алды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Эл башы Нурсултан Назарбаев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЭКСПОдогу этноайылга барды. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Эски, жаңы президенттерди салттуу ыры менен белгилүү ырчы Роза Рымбаева тосуп алды.

Эл башы менен президент этноайылга барып, казакстандыктарды күн менен түн теңелген улуу күн менен куттуктады.

Назарбаев дал ушул күнү баш кошуп жаткан жаштарды куттуктоо сөзүн айтып, бакыт каалады.

Аларды тегеректеп алган элдин арасынан "Жашасын, Казакстан" деп кыйкыргандар болду.

2019-жылдын 19-мартында Нурсултан Назарбаев Казакстандын президенттигинен кетип, ордуна 20-мартта Касым-Жомарт Токаев келген.