Назарбаев ата кетип калды... Шолоктоп ыйлаган казак кыздын видеосу

Казакстандын президенти 19-мартта мөөнөтүнөн мурда отставкага кетерин жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Социалдык тармактарда Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенин угуп алып ыйлап жаткан жеткинчек кыздын видеосу тарады.

Кадрдан болжол менен 6-7 жаштагы кыздын "эмне, Назарбаев ата кетип калдыбы?" деп улуу кишилер сооротконуна карабай шолоктоп ыйлап жатканын көрүүгө болот. Жанындагылар Назарбаев карып, эс алууга кеткенин, анын ордуна жаштар келерин айтышкан. Ал эми "президент эмне иш жасады" деп сурашса, "ал менин атам го" деп токтобой көз жашын көлдөткөн.

Казакстанды 30 жылга чукул башкарды... Нурсултан Назарбаев тууралуу 15 факты
Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев кечээ, 19-мартта, республикалык телеканалдардын бири аркылуу президенттик кызматын тапшырганын жар салган. Анын мындай кадамы күтүүсүз болуп көптөрдү таң калтырды. Назарбаев Казакстанды эгемендүүлүк алган жылдан тарта башкарып келген. Анын президенттик мөөнөтү 2020-жылы соңуна чыкмак. Эми ага чейин мамлекетти башкаруу укугу парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өттү. Ал Назарбаевдин калган мөөнөтү бүткөнгө чейин иштеп, андан соң шайлоо өткөрөт.

2017-жылы да Өмүрбек Бабанов президент болбой калганына кейип ыйлаган беш жашар бөбөктүн видеосу интернет айдыңына тараган.