Куда го түшүнүктүү, "сөөгү" эмнени билдирет? Кыргыздын туугандык байланышы

Бүгүн биз куда-сөөктүк байланыш жана анын түрлөрү тууралуу кеп кылабыз.
Sputnik

"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышы тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Илимдер академиясынын Тарых институтунда кыргыз элинин келип чыгышын иликтөө боюнча адис Рыскул Жолдошев менен биргеликте даярдалды.

"Куда" жана "сөөк" деген сөздүн мааниси

Министр — бий, мэр — бек. Илгери эл башындагыларды кантип аташкан
Эки кишинин балдары үйлөнгөндө алардын ата-энелери бири-бирине куда-сөөк болот. Демек, куда-сөөк баш кошкон жаштар аркылуу туугандашуу дегенди билдирет. "Куда" деген сөз жалпы түрк элдеринде колдонулат. Эркек киши — куда, аял киши — кудагый болорун баарыбыз эле билебиз. Ал эми "сөөк" деген сөз архаизмге айланып бара жатат. Түштүк Сибирде жашаган хакастар, тувалыктар туугандарын, урууларын "сөөк" деп айтат. Сөөк — "тууган" деген мааниде.

Буга бир нече мисал бар. Илгери ата-эне баласын молдого окутканы берип жатып "эти сеники, сөөгү меники" деген. Бул "мен сага баламды берип жатам, бирок ал меники" дегени. Эгер туугандары согуш талаасында калып калса, "сөөгүңдү таштабайм" дечү, ал "тууганымды таштабайм" деген сөз. "Сөөктүн жаманы суу кечирет", бул жерде тууган тууралуу кеп болууда. Айрымдар кудаларга карата айтылат деп жүрүшөт. Бул туура эмес. Ортодо сый мамиле болгондуктан, кудага карата андай ыплас сөз айтылган эмес. "Куда болгуча кулу-бийиң сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш" деген кеп бекеринен эмес. Бул – тегин калыңдашып жатканда сура, балдар жашап жаткандан кийин бири-бириңе тыңсынба деген сөз. Демек, "сөөк" деген сөз эки мааниде колдонулат. Үйлөнгөн жаштар аркылуу туугандашып, куда-сөөк болуу, экинчи мааниде "сөөк" деген сөздүн өзүн "тууган" деп колдонууга болот.

Кудалашуунун негизги түрү

Туягынан от чыгып... "Манас" эпосундагы аргымактарды билесизби? 1-бөлүк
Кудалашуу салты илгертеден келе жатат. Бой жеткенде балдар бири-бирин көрүп жактырса, алардын оюн эске алуу менен ата-энелери сүйлөшүп куда-сөөк болушкан. Кээде эркек балдар ар жерди кыдырып, өзүнө ылайыктуу кыз издеген. Көңүлүнө жаккан кыз тапса, туугандары калың бычып, ырымдап сөйкө ала барып тагышкан. Бул кызды башка киши ала албайт дегенди билдирет. Калың бөлүнүп берилсе, ортодо бала кызга күйөөлөп барып турган. Жеңелер аркылуу сүйлөшүп, жолугушууга мүмкүн болгон. Калыңдын акыркысы берилгенде кыздын үйүндө той берилип, анан никесин кыйып узатышкан. Кудалашуунун негизги түрү ушул.

Бел куда

"Сен эркек балалуу, мен кыздуу болсом, экөөнү бой жеткенде үйлөндүрөлү" дешкен. Бел куда ата-энелердин балдары төрөлө электе эле кудалашуусу. Мындай салт илгери көп болгон. Мамилеси жакшы адамдар же ымала түзүүнү каалагандар бири-бири менен балдары аркылуу туугандашууну эп көрүшкөн.

Кайчы куда

Мында келин тараптын туугандары анын кайын жагынан кыз алган, ошондой эле өздөрү дагы алысыраак туугандарынын кыздарын беришкен. Бул нерсеге жол берилет. Кайчы куданын мааниси - куда-сөөктүн алакасын жакшыртуу, байланышты бекемдөө жана сөөк жаңыртуу болуп саналат.

Кудалар бири-бирин эмне дейт?

Урпактарды "чыйпылдак", "быйпылдак" деген уят! Тилдеги аша чапкандык
Белгилей кетчү жагдай, кыздын атасын келин алган тарап куда, апасын кудагый деп аташары белгилүү. Кыздын иниси, агасы, атасынын ага-инилери, апасынын ага-инилери да куда болот. Ал эми өзүнүн эже-сиңдилери, атасынын эже-карындаштары жана апасынын эже-сиңдилеринин баарына кудача деп кайрылуу шарт. Ошондой эле жеңелери, атасынын жеңе-келиндери, апасынын жеңе-келиндери кары-жаш дебей кудагый болот. Ушул эле тартип күйөө баланын туугандарына да тиешелүү.