Чоро - хандын жакын жигити, жолдош деген сөздөр менен маанилеш.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиевдин жардамы менен Манастын 40 чоросу тууралуу фактыларды даярдады.
Биз 40 чоро ким, кайдан келген, өтөгөн кызматы, орду, максаты, озуйпасы, милдеттери өңдүү суроолорго жооп издедик.
Эмне үчүн 30 же 60 чоро эмес?
Манастын 40 чоросу кантип куралган?
Эпосто "Атсыз жүргөн чорого атын берди эр Манас, тонсуз келген чорого тонун берди эр Манас" деп сүрөттөлөт. Кырк чоро кырк тараптан келген. Бир күндө эмес, аз-аздан келип куралышкан. Кээси Манастан кичүү болсо, айрымдары тең болгон. Биринчи чоро Жакыптын койчусу болгон Ошпурдун баласы Кутубий (Чегебай) эле. 12 жашында Чубак келсе, Серек менен Сыргак Манастын көз алдында жарыкка келген. Анан барып Ырамандын ырчы уулу, Ажыбай кошулат. Көбү азган-тозгондор. Өз элинде, жеринде батпай, куугунтукка алынгандыктан "Манас айкөл экен, баатыр экен, чыгаан экен" деп үмүт артып келишкен. Эпосто "Чокудан алтын табышты, чокусу ушул экен деп чоро болуп жабышты. Кыргыздан чыккан кыраан деп, кыргыздан ушул табылды. Кыйыны экен кыргыздын, кырк чоро болуп жабышты" деп айтылат. Орой угулганы менен чындыгында чоролор Манаска "агалап-сагалап" келишкен.
Манас чоролордун алдында аталык, хандык озуйпасын аткарып мал-жан бөлүп берип, Каныкейдин нөкөр кыздарына үйлөнткөн. Ал кыздар бири-бири менен эже-сиңди, бир тууган, Каныкейге жакын санаалаш болгон.
40 чоро — азыркы өкмөт курамы
40 чорого доо кетирген бийлик...
Кырк чоронун 12си Чоң казатта окко учкан. Калгандары Чоң казаттан кайтып келип, бул учурда Манас жаракатынан улам эки дүйнө ортосунда болуп турганда, тилекке каршы, бийликти көздөгөндөр жакка ооп кеткен. Арасында Манастын укум-тукумуна чейин кызмат кылгандары да болгон. Бийликке умтулуу, бири-бири менен кагыштыруу, чабыштыруу көбүнчө кырк чоронун башчысы Кыргылчалга таандык мүнөз. Манастын ак никесине доо кетирип, "Каныкей менен Чубак ойнош" деп сөз жайылтат. Алмамбет менен Чубактын да чырына себепкер болот. Мунун айынан антташкан ынак достор бири-бирине кол көтөрүп, кылычты кынынан чыгарганга чейин барышкан. Бул эки достун мамилесин бузуу менен кыргыз элинин башында турган Манасты алсыздантып, өзү бийликке келүү же болбосо өзүнүн ыңгайына туура келген адамды бийликке алып келүү же сырткы душмандарга кыргыз элин салып берүү аракетинде болгон. Акырында Абыке менен Көбөштүн бийликке келишин кубаттап, Семетейди жок кылып, Манасты тукум курут кылууну көздөгөн. Манастын аталаш агалары же "алты арам" Абыке, Көбөш, Чыйбыт, Кочкор, Адыбай жана Көлбай — Жакып менен Бакдөөлөттүн балдары. Жакыптын улуу байбичеси Чыйырдыдан Манас, Бакдөөлөттөн болсо жогорудагы алты уул төрөлүп жатат. Эгер кандын аркасында тукум болбосо, алардын кызматка келиши мыйзам боюнча дагы, салт боюнча дагы туура болмок. Анткен менен эл Абыке, Көбөштүн бийлигин кабыл алган эмес.
Семетей менен Сейтектин 40 чоросу болгон эмес
Саякбай Каралаевдин вариантында чоролор тууралуу кенен айтылат. Анткен менен айрым варианттарда Семетей Букарда чоңоюп, анан Ала-Тоого (Талас) кайтаарда таякеси Чачыкейди алып берип, ага кошуп "жеңилиңди жерден алсын, ооруңду колуңдан алсын" деп кырк чоро бөлүп бергени айтылат. Бирок Семетейде дагы, Сейтекте дагы Манастын кырк чоросундай кенен маалымат берилбейт. Семетейдеги Күлчоро менен Канчоронун ысымдарына бекеринен "чоро" деген сөз уланбаса керек. Алар эпосто чоролорго тете орунду ээлеген.
Чоролордун жаткан жери, эстеликтери
Мындан үч жыл мурда Кытайдагы Улуучат шаарчасынын кире беришинде Манас ата менен анын кырк чоросунун эстелиги тургузулуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурган.
Кытай өкмөтү айкелдерди курдуруу үчүн 5 миллион юань сарптаган.
Кырк чоронун айкелдери Таластагы "Манас Ордо" комплексинде да бар.