Россияда мигранттар кызамыкка каршы эмделет

Эмдөө Россиянын аймагында 1-апрелден тарта 1-октябрга чейин жүргүзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 2019-жылдын ичинде Россиянын аймагындагы жашоочулар менен мигранттар кызамыкка каршы эмдөөдөн жапырт өткөрүлмөкчү. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды.

Бул жаатта Россиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы атайын токтом чыгарган.

Аталган иш-чара эпидемия тобокелдиги жогору делген аймактарда масштабдуу жасалат. Эмдөө 1-апрелден тарта 1-октябрга чейин жүргүзүлмөкчү.

Кызамык менен ооругандардын жарымынан көбү бир жашка чейинки бөбөктөр
Аймактык бийлик вакциналарды сатып алып, буга чейин кызамыкка каршы эмделбеген эмгек мигранттарына жасайт. Мындан сырткаркы дагы бир кадамы эмдөөдөн баш тарткан россиялыктарды макулдатуу боюнча иш-чаралар экендиги айтылды.

Буга чейин Екатеринбург шаарын кызамык каптап кеткендиктен, мигранттар эмдөөдөн жапырт өткөрүлгөн. Анда илдетке чалдыккандардын саны 28ге жеткен.

Вакцинацияда мигранттар көп иштейт деген тармактарга басым жасалган. Алар ири соода жайларында иштегендер, Екатеринбургдагы курулуш фирмаларынын жумушчулары болгон.