"Коопсуз шаар": кийинки коюлган камералардын иштөө мөөнөтү жылды

Буга чейин камералар 12-марттан тарта иштей турганы кабарланган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 2-этапта коюлган камералар 14 күндөн кийин ишке кирет. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырып жаткан россиялык "Вега" компаниясы билдирди.

Айдоочуларга айып каттар кантип жеткирилип жатат? Почта кызматкерлеринин жумушу
Ага ылайык, тийиштүү кабелдерди жер алдынан алып өтүүгө мүмкүн болбогондуктан жана ага уруксат берилбегендиктен бардык зымдар жер үстү менен өткөрүлөт.

Андыктан камераларды ишке киргизүү эки жумага создуктурулары айтылат.

Керектүү жабдуулар 16-17-мартта чет жактан алып келинет.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 2-этапта коюлган камералар 12-марттан тарта ишке кирери кабарланган.

Анда 9 көчөнүн кесилишине, эки көпүрөгө камералар коюлган.

Экинчи этапта камера коюлган көчөлөрдүн тизмеси:

  • Бөкөнбаев — Манас;
  • Чүй — Манас;
  • Чүй — Павлов;
  • Жибек Жолу — Манас;
  • Махатма Ганди — Боталиев;
  • Жибек Жолу — Курманжан датка;
  • Ахунбаев — Байтик баатыр;
  • Чүй — Абдрахманов;
  • Байтик баатыр — Горький;
  • 7-апрель көчөсүндөгү көпүрө;
  • Ибраимов көчөсүндөгү көпүрө.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюла турчу камералар 4 этап менен орнотулат.

Биринчи этапта орнотулган камералар 12-февралдан тарта иштей баштаган.

Ал эми 11-марттан тарта жол эрежелерин бузган айдоочуларга алгачкы айып каттар келе баштады.