БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Улуу Британияда Тео деп аталган мышык кошунанын сүткө деп калтырган акчасын өзүнүн кожойкесине тиштеп келип берген. Бул туурасында BBC News жазды.
Сегиз жаштагы жаныбар кошунасынын үйүнө барып акча салынган баштыкты көтөрүп келе берген. Кожойкеси ачып караганда ичинде акча менен кошо ээсинин дареги жазылган кагаз болгон. Аны кайра кайтарып берген.
Теонун жоруктары ЖМКларга тез-тез жарыяланып турат. Ал 2015-жылы кошунасынын бир топ жумшак оюнчуктарын ташып келе берген. 2013-жылы болсо рождествонун жасалгаларын уурдап баратканда кармалган.
Кожойкеси мышыгынын ушундай оорусу бар экенин коңшуларына айтып, кокусунан кайсы бир буюму жоголсо, ага кайрылуу керектигин эскерткен. Ал мышыгы бир топко чейин адатын таштап, кайсы бир убакта кайра улантарын айтат.