Жыргалбек Саматов Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти

Саматов уюмдун президенти болуп өткөн жылдын 5-июлунда шайланган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жыргалбек Саматов Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти.

Көкпар эрежесин киргиздик! Казакстан кыргыз тараптын сынын кандай кабыл алды
Бүгүн, 27-февралда, Көк бөрү федерациясынын региондордон келген делегаттары курултай өткөрүп, көпчүлүк добуш менен Саматов кызматынан алынды.

Курултайдын катышуучулары Астанада өткөн Көкпар боюнча Дүйнөлүк ассоциацияга барбай, Кыргызстандын намысын талашпай койду деген жүйө келтиришти. Экинчи себеби — Саматов Эл аралык көк бөрү федерациясынын да баш катчысы болгондуктан Кыргызстандын федерациясын жетектей албайт.

Жыйындын башталышында Саматов өзү сөз сүйлөп, делегаттарга 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Андан соң суроолорго жооп берип, добуш берүү баштала электе эле залдан чыгып кетти. 

Жыргалбек Саматов Көк бөрү федерациясынын президенти болуп 2018-жылдын 5-июлунда шайланган. Ага чейин федерацияны Икрамжан Илмиянов жетектеген.