Аккаунту популярдуулар тетири сүйлөсө, дароо жолугабыз. Киберкоопсуздук тууралуу

Акырындык менен жашообуз санариптешип баратат. Жада калса, акчаны дагы электрондук капчыкка сактап калдык.
Sputnik

Социалдык тармак, электрондук почта, мессенджерлерди айтпай эле коелу. Күнүмдүк турмуш, иш, жеке жашоо, керек болсо туугандар менен байланыш дагы интернетке "кирип" кетти. Эми ал жактагы кооптуу нерселерден кантип сактанабыз?

Бир аз мурда Мамлекеттик байланыш агенттиги Коргоо кеңеши менен биргеликте Кыргызстандагы киберкоопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата стратегиясынын долбоорун иштеп чыкты. Максаты — жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин кибер мейкиндиктеги коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга интернеттеги коркунучту алдын алуу боюнча адистердин кеңешин сунуштап турмакчы. Бул жолу диний радикалдык чакырыктардан сактануунун жол-жобосун ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын Кибертерроризм жана киберэкстремизге каршы бөлүмүнүн башчысы Ратбек Турусбеков жана өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү Ильяс Кадыркулов айтып берди.

Аккаунту популярдуулар тетири сүйлөсө, дароо жолугабыз. Киберкоопсуздук тууралуу

— Кыргызстандын аймагында экстремизм менен террорчулукка чакырган сайттар көппү?

Ильяс Кадыркулов: — 2018-жылы шектүү катары 81 сайт менен 22 аккаунт табылган. Анын ичинен соттун чечими менен 63 сайтка бөгөт коюлса, аккаунттар толугу менен жабылды.

— Күмөндүү сайттарды кантип издейсиңер?

И.К.: — Кызматкерлер кол менен мониторинг жасап турат.

— Шектүү сайттардын чындап радикалдык экенин ким аныктайт?

И.К.: — Радикалдашуудан кабар берген видео, сүрөт же диний атрибуттары бар сайттарды биздин кызматкерлер шектүү катары таап, теология бөлүмүнө жиберет. Алар чындап эле кайсы бир тыюу салынган агымдарга чакырык таштап жатат десе, өкмөткө караштуу мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматка жөнөтөбүз. Алар бүтүм чыгарып берет.

— Чындап эле "туура эмес" сайт болуп чыкса, силер эмне кыласыңар?

48 саатка жоголуп кет. Өспүрүмдөрдүн өксүктүү "оюндары" күчөп жатат
И.К.: — Материалдарды Башкы прокуратурага жиберебиз. Көзөмөл органы сотко кайрылат. Сот маалымат булагынын ишине бөгөт коюлсун деп чечим чыгарса, Байланыш агенттиги же интернет провайдерлер аркылуу сайттын ишмердүүлүгүн Кыргызстандын аймагында токтотобуз.

— Бул эми сайттар тууралуу сөз болду, ал эми аккаунттарчы? Мисалы, биздин региондо эң кеңири колдонулган Facebook тармагында дейли?

Ратбек Турусбеков: — Facebook жөнүндө айтсак, айрым учурда көйгөйлүү аккаунттарды бат эле жаап беришсе, кээде "соттун чечимин англис тилине которуп бергиле" деген сыяктуу талаптарын коюп, создуктуруп койгон учурлар болот. Бардыгы шартка жараша дегендей.

— Силер бөгөт койгон сайттардын баарын эле Кыргызстанда отуруп алып ачышпаса керек?

Р.Т.: — Ооба, көпчүлүгү чет жактарда ачылат. Мисалы, Европа өлкөлөрү жана башка жерлерде. Бирок анын дареги кайсы жерде экенине карабай, бөгөт коюу процесси бардыгы үчүн бирдей эле.

Аккаунту популярдуулар тетири сүйлөсө, дароо жолугабыз. Киберкоопсуздук тууралуу

— Кыргызстандыктардын башын интернет аркылуу "айландыруу" оңойбу?

Р.Т.: — Албетте, интернеттин таасири күч. Айрымдар "сайттарды жаап салса эле маселе чечилип калбайт" деп ойлошот. Борбор Азия мамлекеттеринин арасында смартфон колдонуу жагынан Кыргызстан абдан активдүү. Эгер биз сайттарга бөгөт койбосок, жарандарга экстремисттик маанидеги маалыматтар күн сайын алаканга салгандай эле жеткиликтүү болуп калбайбы.

— Чын эле азыр ар бир өспүрүмдүн колунда смартфон, планшет. Ата-энелер балдарын кооптуу сайттардан же аккаунттардан кантип коргой алат?

УКМК телефондон сүйлөшүүлөрдү жаздырып ала баштайбы? Комитеттин жообу
Р.Т.: — Маал-маалы менен текшерип туруу керек. Мисалы, баланын достугунда өз атына катталбаган, сүрөтү жок же абстракттуу сүрөт коюп алган аккаунттар пайда болсо, аны иликтеп көрүү зарыл. Эгер Кыргызстанда же Борбор Азияда уруксат берилбеген диний уюмдардын атрибуту, макалалары болсо, дароо аны өчүрүү керек.

— Ушундай учурларда жаран сиздерге кабарласа болобу?

И.К.: — Албетте, бизге secretariat@mvd.kg электрондук дарегине кат жолдоп же 0 (312) 664873 номери аркылуу байланышсын. Негизи эле жарандарга берер кеңешим — диний маалымат же билим керек болсо, Дин комиссиясы, муфтият, жогорку окуу жайлардын теология факультеттери, Аалымдар кеңеши сыяктуу расмий органдар бар. Керектүү маалыматтарды ошол жактардан алууга болот.

— Сирия согушу күч алып турганда Кыргызстанда дагы абал кооптонуу жаратып калды эле. Азыр тынчып калгансыйт. Абал чын эле биз баамдап жаткандайбы?

Р.Т.: — Сиз кандай деп ойлойсуз?

Аккаунту популярдуулар тетири сүйлөсө, дароо жолугабыз. Киберкоопсуздук тууралуу

— Эч нерсе айта албайм. Айрым учурда элди дүрбөлөңгө түшүрбөө үчүн бийлик кээ бир жагдайларды жашырып иш алып барган учурлар болот эмеспи...

Р.Т.: — Туура айтасыз. Бирок учурда абал чындап эле жөнгө салынды. 2014-жылдан тарта президенттин диний саясат тууралуу жаңы концепциясы кабыл алынган. Анын негизинде бардык тиешелүү органдар иштеп, жыйынтыгын көрүп жатабыз.

— Коомдо белгилүү, аккаунттары популярдуу адамдар туура эмес диний чакырыктарды жасаган учурда дагы сиздер реакция кыласыздарбы?

Р.Т.: — Кимдер жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүктүү. Андай фактылар катталса, ыкчам иш алып барып, адамдын өзү менен жолугушабыз. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кайра коомчулукка туура маалымат жеткирилет.

— Бул маекти окуган жаш IT-адистер силердин катарыңарга кошулгусу келсе, кандайдыр бир даярдыктан өтүшү керекпи?

"Инкар-Йакын" диний кыймылы кантип пайда болгон?
И.К.: — Биздин адистик кеңири тарабаган кесип болгондуктан, кайра даярдоодон өтүү зарыл. Анткени адисте теология тууралуу сөзсүз түшүнүк болушу керек. Мисалы, киберкоопсуздук боюнча канчалык мыкты адис болуп, бирок диний түшүнүгү болбосо, кооптуу сайттарды таба албайт. Даярдыкты өзүбүз жүргүзөбүз. Айрым ЖОЖдордун студенттери тажрыйба алууга келип, алар менен иштешкен учурлар болот.

Р.Т.: — Биз менен иштегиси келген IT-адистерге дагы бир талап — аскердик билети болушу зарыл. Ансыз кызматка албайбыз.