Ошто бетон плита басып калган 36 жаштагы киши каза болду

Маркум ооруканага жетпей көз жумган. Ал Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн жашоочусу экендиги такталды.
Sputnik

ОШ, 27-фев. – Sputnik. Ош шаарынын Аскар Шакиров көчөсүндө курулуш жүрүп жаткан аймакта 36 жаштагы кишинин үстүнө бетон плита түшүп, ал каза болду. Бул маалыматты шаардык милициядан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, окуя 26-февраль күнү эски ун заводдун имаратын бузуу учурунда болгон. Бетон плитанын алдында калган киши ошол жерде иштеп жатканы айтылды.

Жолдошу улуу баласын операцияга алып кеткен. Таласта ис урган бүлөнүн окуясы
Кырсык болору менен жабыркаган кишини Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына алып барышкан. Маркум ооруканага жетпей каза болгон. Ал Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн жашоочусу экендиги такталды.

Учурда маркумдун өлүмүнүн себептерин тактоо үчүн тиешелүү медициналык экспертиза дайындалды.

Шаардык милиция тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.