Аутист Өмүрбектин апасы: уулум экөөбүз ишкерлик баштадык, сыры жөнөкөй

19 жаштагы Өмүрбек "өзгөчө" балдардын бири. Апасы Замира Мирзамидинова экөө жакында эле шире чыгарып чакан ишкерлик башташкан. Өмүрбектин бир күндүк графиги кынтыксыз бөлүштүрүлгөн, апасына жардам бергенден сырткары ал Бишкектеги ресторандардын биринде жашылча-жемиш тазалап иштейт.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы катардагы адамдардан кем калбай коомго аралашып, иштеп жаткан баланын апасы менен маектешип жаңы баштаган ишкерлиги, уулу тууралуу кызыктуу маалыматтарды алды.

— Өмүрбек тууралуу айтып бериңизчи?

— Уулум азыр 19 жашта. Тун балабыз. Андан кийин 15 жана 7 жаштагы эки уулум бар. Дарыгерлер Өмүрбекке аутист деген диагнозду 5 жашында коюшту. Башында "эмнеге балам мындай болуп калды" деп көпкө ойлонуп, аутизм деген эмне экенин түшүнгүчө көп убакыт өтүп кетти. Бул дары менен дарылай турган оору эмес экен. Аутизм менен жабыркаган балдарды коррекциялоо зарыл. Башкача айтканда, алар менен иштеш керек. Мисалы, жөнөкөй балага оюнчук машина берип койсоң дароо эле ойноп кетет эмеспи. Ал эми аутисттерге кандай ойнош керек экенин түшүндүрүп, кармаганга чейин үйрөтүш керек. Тамак жегенден тарта ажатканага барганга чейин үйрөтөсүң. Балабыз аутист экенин билгенде күнү-түнү дебей аны менен иштей баштадык. Үйгө кармабай бала бакчага бергиле дегенинен бакчага бердик. Бирок баламды бакча кызматкерлери көп түшүнбөй, 10го чукул бакча котордук окшойт. Мектепке бара баштагандан тарта өз жумушумду таштап мектепке (атайын мектеп) педагог болуп кирдим. Негизи кесибим боюнча немис тилинен мугалим болчумун. Аны таштоого туура келди. Ошол бойдон 2017-жылга чейин мектепте педагог болуп, аутист балдар менен иштештим.

Өмүрбек бала кезинен эле ашкана жумуштарына шыктуу, жөндөмдүү. Мисалы, жер-жемиштерди таптаза кылып тазалайт. Тамак жасаарда "төрт картошка, бир пияз аарчып, туурап, тамакка салып койчу" деп тапшырма берсең, айткандай кылып жасайт. Аутист балдарга тапшырманы так бериш керек. Бир нече картошка десең, түшүнбөй калышат. 

Аутист Өмүрбектин апасы: уулум экөөбүз ишкерлик баштадык, сыры жөнөкөй

— Уулуңуз менен нак шире чыгарып сатып жатыпсыңар. Чакан ишкерлигиңиз тууралуу да айтып берсеңиз?

— Уулум 18 жашка чыкканда аны жумушка орноштурууну ойлоно баштадым. Негизи өзүбүз эле бир иш менен алектенсек деген пландар бар эле. Бир күнү ишкерлер ассоциациясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ишкерликти үйрөтүү боюнча тренинг өткөрөрүн угуп калдым. Арыз толтуруп уулум экөөбүз тренингге катыштык. Аутисттер өздөрү катыша албагандыктан мен дагы анын жанында болууга, чогуу үйрөнүүгө туура келди. Башында кулинария боюнча ишкана ачсакпы деген ой-максат бар болчу. Бирок сабак берген айрым ишкерлер ал тармактын кыйынчылыктары тууралуу айтып бергенде бул оюбуздан кайттык. Андан кийин оюма шире чыгарып сатуу идеясы келди.

"Өзгөчө" баланын энеси: жакшынакай чоңоюп келе жаткан уулум кокустан өзгөрдү…
Аутист балдар тамак-ашты тандап жегендиктен уулума мурунтан эле шире (фреш) чыгарып берчүмүн. Анын үстүнө сабак берген тренерлер "ишкерликти билген нерседен баштаган оң" деп акыл айткан. Көп жылдан бери балдарыма шире жасап бергендиктен ушул идеяны ишке ашырууга аракет кылдым. Тренерлер да аны жактырып, күтүлбөгөн жерден 35 катышуучунун ичинен экинчи орунду ээледик.

Долбоор аяктап баягы оюмду ишке ашырсамбы же кое турсамбы деп жүрсөм, ассоциациянын кыздары күнүгө "баштадыңызбы" деп чала баштады. Шире чыгарууда ашкана, суу кенен, анан шарт болуш керек да. "Рука в руке" борборуна барып жетекчиликтен ошол жердеги ашканадан иштеп турууну сурандым. Дароо эле макул болду. Баары эле "качан жасап баштайсың, мен буйрутма бермекмин" дей беришти. Өзүмдүн үйдөгү шире чыгарган аппаратымдын алы келбей калгыдай деп насыяга чоңураак аппарат алып, анан ишти баштадык. Шире жасоодо уулум Өмүрбек чоң жардамчы. Базарга барып жашылча-жемишти жүктөп үйгө алып келебиз, балам баарын тазалап, аарчып коет.

— Силердин ширени ичкиси келгендер кайдан таба алат?

— Азырынча биз "Рука в руке" борборунун кызматкерлерине, ошол жактагы ата-энелерге эле сатып жатабыз. Өзүбүз деле ошого араң жетишебиз. Ширени жасаары менен жарым саатка жеткирбей ичиш керек. Идиштерге куюп Өмүрбекке берем, кызматкердин аты-жөнүн айтсам, таап алып барып берет. Мен үчүн тапкан акчадан дагы Өмүрбектин ошентип элге аралашканы аябай маанилүү. 

Аутист Өмүрбектин апасы: уулум экөөбүз ишкерлик баштадык, сыры жөнөкөй

— Баасы кандай?

— Бул ишти баштаарда мен Бишкектеги ушундай фреш чыгарган жерлерге барып, ичип көрүп, баасын карап, айтор, анализ жүргүзүп, анан баштадым. Мындай фреш кээ бир соода түйүндөрүндө жана кофейняларда жасалып сатылат. Ал жактын баасы менен биздикинин айырмасы бар. Алсак, ал жакта алма менен сабиздин аралашмасынан 200 грамм шире 150 сом болсо, бизде 400-500 граммдыктары 80-90 сомго барат. Анын үстүнө биздики социалдык долбоор. Бирок жасалышы, сапаты башкалардыкынан кем эмес. Мындан сырткары, соода түйүндөрдөгү шире сырттан алып келинген жемиштерден жасалса, биз өзүбүздүн жергиликтүү эле жашылча-жемиштерди колдонобуз. Мисалы, сабиз, кызылча, ашкабак, кызыл, көк алма, ашкөк, сельдерей, брокколи жана башка. Булардын пайдасы өтө зор.

— Өмүрбек башка дагы кошумча жумушта иштейт турбайбы...

— Ооба, уулум азыр Бишкектеги ресторандардын бирине жумасына эки жолу барып жашылча аарчып берет. Ал жактагыларга да Өмүрбектин жасаган иши жагат. 

— Канча акы алат?

— Акы төлөп бергиле деп деле айткан жокпуз. Азырынча жөн эле барып жүрөт. Мен ошого ыраазымын. Негизги максатыбыз — социализация, уулумдун коомго аралашуусу. Ар бир ата-эне баласын өз алдынча болуп кетүүсүн каалайт эмеспи. Мен дагы уулум өзүнө жаккан жумушу менен алектенишин каалайм. Ресторанда иштөө Өмүрбекке дагы абдан жагат. Ашкана кызматкерлеринин суроолоруна кыска-нуска жооп бере алат. Айткандарын аткарат.

Аутист Өмүрбектин апасы: уулум экөөбүз ишкерлик баштадык, сыры жөнөкөй

— Шире жасаган ишкерликти кеңейтсек деген ой-кыялдарыңар болсо керек?

— Ооба, бул жумушту кеңейтүүгө жардам берем деген кишилер, ишкер, демөөрчүлөр чыкса каршы болбойбуз. Аппарат алып, жашылча-жемишти алып барып соода түйүндө деле жасап сатса болот. Бир гана бизди түйшөлткөн маселе — ошол жердин ижарасы. Ал жакта акысы кымбат да.

— Көпчүлүк убактыңызды Өмүрбек менен өткөрөт окшойсуз. Башка балдарды караганга да жетишесизби?

— Ооба, алар чоңоюп калышты. Жолдошум жардам берет. Өмүрбектин болсо графиги күн мурун жазылат. Бош убактысы деле жок. Түшкө чейин сок жасайбыз, анан компьютерге, логопедге барат. Кечинде мага жардам берет. 

— Негизи эмнеден улам бала аутист болуп төрөлүп калат экен?

— Анын себебин эч ким билбейт. Ал тургай өнүккөн өлкөлөрдө эмнеден улам бала аутист болуп төрөлөрүн аныкташа элек.

Аутист Өмүрбектин апасы: уулум экөөбүз ишкерлик баштадык, сыры жөнөкөй

— "Өзгөчө" баланын энеси катары эмнелерди айтат элеңиз?

Эркектер коляскадагы сүрөтүңдү кой дешет. Кырсык тооруган Гүлзананын баяны
— Бул балдарды өзүнчө бөлүп карабай, катардагы адам сыяктуу эле кабыл алыш керек. Бала бакчадан тартып эле. Мен деле башында баламдын диагнозун укканда көпкө чейин ойлонуп, кыжаалат болуп жүргөм. Анын үстүнө бул улуусу болчу. Бирок анткенден пайда жок экен. Жөн эле ден соолук, нерв, убакыт коройт. Кудайдын бергени. Андан көрө балага кандай жардам көрсөтө алабыз, ошону ойлонуш керек. Мындай баланын кызыкчылыгын туура таап, ошону өнүктүрүш керек. Адам өзүнө жаккан нерсе менен алектенгенде гана ачыла баштайт. Кызыкпаган нерсеге мажбурлай берсе, эч качан прогресс болбойт. Мисалы, мектепти бүтүп "Рука в руке" борборуна барганда жетекчим Өмүрбекти огород сугарып иштеп көрсүн, акысын төлөп берели деп сунуш кылды. Бирок ал жумуш Өмүрбекке такыр эле жаккан жок окшойт, анын ордуна мен иштечүмүн. Кызыккан жумуш болгондо ага берилип, чын жүрөгү менен жасап берет.