Бишкекте туризм тармагына арналган жаштар форуму өтөт

Катышуучулар туризм тармагындагы маселелерди талкуулайт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбор калаада ШКУ өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирген форум өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кадимкидей кат жазып... Жаштар арасындагы сынак
Маалыматка ылайык, "Туризмди өнүктүрүү" аталышындагы иш-чара 26-28-февраль күндөрү уюштурулат. Анда катышуучулар тийиштүү мамлекеттик орган, туристтик компаниялар менен биргеликте аталган тармактагы маселелерди талкуулайт.

Тажрыйба алмашууга, ШКУнун аймагында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистандан келген жаштар чогулат.