"Коопсуз шаардын" камерасын талкаламакчы болгон айдоочунун видеосу

Окуя кечээ, 21-февралда, Беш-Күңгөй айылынын аймагында болгон.
Sputnik

Чүй милициясы: "Коопсуз шаардын" камерасын милиционер талкалоого аракет кылган
Бишкектин четинде белгисиз киши жолдун четинде жол эрежесин каттаган көчмө камераны кармап турган "Вега" компаниясынын кызматкерине кол салды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, окуянын видеосун WhatsApp каналы аркылуу жиберди.

Кадрда көрүнүп тургандай, киши оператордун камерасын түрткүлөп баштаган. Ал ары жакты көздөй басып кеткенине карабай, айдоочу артынан ээрчип бир нече ирет камераны тартып алууга аракет жасаган.

Күбөнүн айтымында, окуя 21-февраль күнү Беш-Күңгөй айылынын аймагында болгон.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.