Шолоховсуз... мал доктур болмок. Айтматов жана орус жазуучулары тууралуу 13 факты

Чыңгыз Айтматовдун тагдыры, таржымалы XX жүз жылдыктагы сорус жазуучуларынын өмүр баяны жана чыгармачылыгы менен тагыз байланышта болду. Жазуучунун орус совет жазуучулары тууралуу ойлорун, пикирлерин топтоп чыктык. Бул тууралуу 13 фактыны сунуштайбыз.
Sputnik

Максим Горький жана Владимир Маяковский. 1963-жылы ал "Замандаштарым менен сыймыктанам" деген макаласында бул эки советтик жазуучунун өз коммунисттик идеяларына берилгендигин жогору баалайт, жаштарды алардан үйрөнүүгө үгүттөйт. Горький тууралуу бийик трибунадан сөз сүйлөп, ал баяндамасы макала болуп басылат, анда "Горькийдин үнү — биздин үнүбүз, мүлдө совет адабиятынын үнү" деп айткан. 1986-жылы жазган "Жазуучу дүйнөнүн жаңырыгы" деген макаласында "жазуучу өз көкүрөгүнүн гана жаңырыгын тыңшабай, ал өзү дүйнөнүн жаңырыгы болууга тийиш" деп айткан Горькийдин сөзүн цитаталайт.

Айтматов Пушкин, Толстойдон эмне үйрөнгөн? Орус адабиятынын таасири тууралуу 5 факты
Михаил Шолохов. 1985-жылы советтик улуу жазуучунун 80 жылдыгына арналган жыйында сөз сүйлөп, бул жазуучунун чыгармачылыгы жаш совет адабияты үчүн демөөр болгонун белгилейт. Өзүнө окурман катары тийгизген таасири тууралуу: "…Шолоховдун китебин окуп жатканда мен анын барагындагы ар бир сөздү колума алып, ары-бери ала салдырып, кармалап көргүм келет: аларда кандай сыйкырдуу күч жашырынып жатты экен, эмне үчүн Шолоховдун саптарында турмуш күрөө тамырда жүгүргөн кан сыяктуу түбөлүк тынымсыз кагып турат? Буга жооп табыш кыйын. Сүрөткердин таланты дегенибиз, балким, ушулар" дейт. 1976-жылдагы адабиятчы Левченко менен "Тутумдашуу түйүнү" деп аталган маегинде Шолоховдун Лисницкий, Григорий Мелехов деген каармандарынын аракеттери тууралуу айтат, "Көтөрүлгөн дың" романындагы тап душмандары жөнүндө оюн кыска ортого салат. "Бизди ойготкон китептер" деген Левченко менен маегинде (1980) жаш чакта Шолоховдун романдарына муюганын айтып, анын чыгармалары "накта чыгармачылыкка көзүмдү ачкан" дейт. Эгер ушундай таасирлерди албаганда адабиятты таштап, айыл чарба кызматына өтө турганын мойнуна алат. Чыгармачылыкта "эскирбегендери кайсы" деген "Огонёк" журналынын кабарчысы Медведевдин суроосуна (1987) "Албетте, "Тынч Дон" — биздин адабияттын, биздин көркөм ойдун залкар этабы" деп жооп берет. 23 жашында, чынында оюнкараак бала, кантип "Тынч Донду" жазганына таң калат, аны үчүн турмуштук тажрыйба да, билим да, даанышмандык да аба менен суудай керек болчу деп "бул окуяны өзүмө-өзүм түшүндүрө албайм" дейт. Айтматов дондук жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты менен жолугушкан, экөө сүрөткө да түшкөн, анда кыргыз жазуучусу өтө эркин отурганын байкоого болот.

Борис Пастернак, Иван Бунин жана Владимир Набоков. Жаш кезинде, жаңыдан жазып жүргөн учурунда кыргызстандык жаш жазуучуларды Пастернактын эмес, Горький менен Маяковскийдин жолун жолдоого чакырат. Орус адабиятынын кылым тогошордогу карама-каршылыктуу эки алпы Бунин жана Набоков тууралуу ойлорун ортого таштайт: "Бунин мага көбүрөөк жагат, ал мага жакыныраак, көп жагынан түшүнүктүү", "ал ырдап тургандай туюлат, анын сөзүнүн табы мага кадимкидей сезилип турат", "Набоков өтө эле сыпайы. Бирок бири экинчисин жокко чыгарбайт, бири-биринин маанисин кемитпейт. Түркүн түстөр канчалык көп болсо, адабияттын байлыгы ошончолук. Андыктан Набоковду биздин адабиятыбыздын айдыңына кайра кайрып беришкени адилеттик болду деп эсептеймин".

Айтматовдун багын ачкандардын бири Твардовский тууралуу 13 факты
Михаил Булгаков. "Огонёк" журналынын кабарчысы Медведев менен маегинде (1987) өзүнүн эң бир эскирбей окуп жаткан чыгармаларынын катарында эки уюлду белгилейт: биринчиси — Шолоховдун "Тынч Дону", экинчиси — "тазаланган, эленген, мүмкүн анысы артыкчылыгы чыгар, интеллектуалдык деңгээли бийик Булгаковдун прозасы". "Кыямат" романынын жазылышы тууралуу сөз козгоп, Булгаковду "өзүм абдан урматтап сүйгөн жазуучу" деп, анын "Мастер менен Маргаритасынан" Понтий Пилат окуясын жазууда инжилдик сюжеттин фигураларын башкача жайгаштырууну көздөгөнүн билдирет.

Орус аңгемечилери тууралуу. 1971-жылы СССР Жазуучулар союзунун V съездинде сүйлөгөн сөзүндө Горький, Чехов, Бунин, Куприндин атын атап, аларды дүйнөлүк адабиятта орус аңгемесинин мектебин түзгөндөр катары баалаган. Ал эми 50-жылдарда бул жанрда Антонов, Нагибин, Атаров, Казаков, Тендряков, Аксёнов ж.б. ондогон авторлор майнаптуу иштегенин белгилейт.

Евгений Евтушенко жана Андрей Вознесенский. Өткөн кылымдын 60-жылдарында орус поэзиясында башкача акындар пайда болгон. Алардын ири алдында Евтушенко менен Вознесенский туруп, миңдеген аудиторияны өздөрүнө тартып алган. 1961-жылы СССР Жазуучулар союзунун жетекчиси Марков ушинтип чечкен болуу керек, Ташкентте жаш жазуучулар алдында Айтматов сөз сүйлөө үчүн келет. Москвадан КПСС БКдан катчылардын бири Ильичев (1906-1990) катышат. Ал философия илимдеринин доктору, академик, көрүнүктүү партиялык идеолог болгон. Анан, албетте, Өзбекстандын жетекчилери отурган. Мына ушул жерге бир аз кечигип келген отуздан жаңы оогон кыргыз калемгери түз эле кол чабуулар менен президиумга чакырылган. Аны башкаларга тааныштырган Ильичев бүгүн-эртең указ чыгат, анын "Жамийла" повестине Лениндик сыйлык ыйгарылат" деп да жиберген. Зал кол чабуулардан жаңырып турган. Ошондо сүйлөгөн сөзүндө Айтматов партиялык саясатка анча моюн суна бербей союзда жаңы чыгып жаткан жаш акындарды колдоп жиберген. Ал жолу Лениндик сыйлык берилбей калган… Бирок орус акындары советтик адабиятта космостук ылдамдык менен кетишкен. 1963-жылы жаш жазуучулардын республикалык кеңешмесинде жасаган докладында Вознесенскийдин улуу Ленинге арналган "Лонжюмо" поэмасын талдап, андагы граждандык мотивдер кыргыз акындарына үлгү экендигин айтат. 1986-жылдагы "Жазуучу дүйнөнүн жаңырыгы" деген макаласында Вознесенскийди "Болгарияда жакшы таанымал советтик акын" деп, анын бир ырынан мисал келтирет. Кыргызчасы болжолу мындай: "Эгер адамга келтирсе кыйындык — бардык өсүштүн баасы тыйындык". Казат Акматов менен маегинде (1992) "адабияттын улагасында эптеп күн көрүп жүргөн бирөө Евтушенконун Америкага барып дарс окуганына асылыптыр" деп, орус акынын коргоп чыгат. Евтушенкону "дос" деп атап, анын эркиндик тууралуу "Оказывается, свободу кушать нельзя" деген сөзүн канааттануу менен келтирет. Дагы бир маегинде (А.Ибраимов, 1996) Бишкекте жашап жаткан учурунда Москвадан үч Андрей — Золотов, Дементьев, Вознесенский жана бир Евгений (Евтушенко) менен телефон аркылуу сүйлөшүп турганын айтат.

Александр Твардовский. Орус акыны жана адабий журналдын редактору менен Айтматовдун байланышын атайын макалада ачып берүүгө аракет кылганбыз ("Айтматовдун багын ачкандардын бири Твардовский тууралуу 13 факты").

Айтматовдун Пекинден табылган "баласы" жана Кытайдагы кадыры. 15 факты
Михаил Бубеннов жана Валентин Катаев. Жазуучу катары тааныла элек кезинде эле орус адабиятынын айрым чыгармаларын кыргыз тилине которууга киришкен. Адатта, котормочулар басмалар менен келишим түзүп, ошолордун буйрутмасы менен иштейт. Ал эми Айтматов өзүнчө эле Бубенновдун "Ак кайың", Катевдин "Полктун уулу" повесттерин кыргызчалап чыккан. Романтикалык пафосу күчтүү бул чыгарма жаштык жалыны ташкындап турган Чыңгыздын маанай-мүнөзүнө ылайык келүү менен анын жазуучулук чеберчилигин арттырууга жардам берген.

Борис Слуцкий. Акын Сүйүнбай Эралиевдин чыгармачылыгы тууралуу 1964-жылы жазган "Жаңы жээк" деген макаласында Айтматов кыргыз акынынын "Жылдыздарга саякат" поэмасын которгон орус акыны тууралуу айтканы бар. "Борис Слуцкий аны которгонбу, канткен, айтор, бул анык керемет! Ылайым эле ар бир котормочуну ушундай чеберчиликтен өксү кылбасын. Акын Слуцкийге ырахмат!" — дейт.

Валентин Распутин. Иркутскилик орус жазуучусу Айтматовго өзүнөн кийинки муундан бир кыйла көңүлү сүйгөн сүрөткер болгонун баамдайбыз. "Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт" деген маегинде Распутиндин "Жаша жана эсте тут" ("Эсен болуп, эстей жүр") повестин "реалисттик искусствонун нравалык-философиялык идеяларынын бири" катары карап, аталган чыгармада "өз абийириң менен бетме-бет отуруп, анын катаал суроолоруна эсеп берүү" ою терең иштелгенин белгилейт. "Бетме-бет" сыяктуу качкын темасы чагылдырылган бул чыгармада аял каармандын боюна бүтүп калганы Сейденин образын түзүп атканда жазуучунун оюна келбегенин айткан учуру бар. "Мен Распутинге аябай суктанам. Ал Байкалды коргоп келе жатат. Ошон үчүн эле ага болочок урпактар ыраазы болсо болот. Анын таланттуу жазуучу экендигин мындай койгондо да, ушунун өзү эле жетишээр эле", — дейт.

Айтматовдун тиши өтпөгөн эки нерсе... Жазуучу жана Түркия тууралуу 17 факты
Владимир Орлов. Айтматов 1963-жылы жаш жазуучулардын республикалык кеңешмесинде доклад жасаган. Ал кыргыздын жаш калемгерлерин орус адабиятынан үлгү алууга үгүттөгөн. Ошол кезде "Юность" журналына басылып жаткан жаш жазуучу Орловдун "Солёный арбуз" романын, андагы темир жол курулушунда иштеген комсомолдордун образынын чагылдырылышын мисал катары көрсөтөт.

Федор Абрамов, Владимир Тендряков. СССР Жазуучулар союзунун VII съездинде, 1981-жылы сүйлөгөн сөзүндө Айтматов орус жазуучусу Абрамовдун адабиятты окутуунун процесси жана сапаты тууралуу сүйлөгөн сөзүн "эң сонун сөз" деп баалайт. "Легенданын жаңырышы" деген Коркин менен маегинде (1976) азыркы адабияттагы балалык темасына кайрылып жатып, бул темадагы Тендряковдун "Жазгы коңтормолор" деген чыгармасын атап кетет.

Замандаш орус жазуучулары. Айтматовдун Трифонов, Залыгин, Аксёнов тууралуу айткан учурлары кездешет. Нагыз реалисттик адабиятта Астафьевдин, Беловдун, Носовдун, Распутиндин шарттуу түрдө аталган "кыштак прозасы", Бондаревдин, Быковдун, Богомоловдун "согуштук прозасы", Катаевдин, Трифоновдун "интелектуалдык прозасы" тууралуу айтканы бар, демек, ал бул жазуучулардын чыгармалары менен тааныш болгон. Нравалык темасы мыкты чыгармалардын катарына Юрий Бондаревдун "Жээк" деген чыгармасын көрсөтөт.