"Коопсуз шаарды" ким көзөмөлдөйт? ЖКККББнын мониторинг борборунда иштегендер

Бүгүнтөн тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштеп, борбор калаанын он көчөсүнүн кесилишине орнотулган жабдуулар эреже бузгандарды каттоого ала баштайт.
Sputnik

ЖКККББ жол эрежесинин бузулушу боюнча келип түшкөн материалдарды атайын мониторинг борбору анализдей турганын айтып, борбордун кандай экенин көрсөттү.

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча камера коюлган кесилиштер. Карта
"Коопсуз шаарды" көзөмөлдөй турчу мониторинг борборунда иштегендерге жана алардын аткарган милдеттерине Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов аталган борбордо 80ге чукул адис иштей баштаганын билдирди. Ал эми мониторинг борборунун башчысы Гүлмира Баратова "Коопсуз шаарды" көзөмөлдөгөн адистер кимдер, кайсы кесиптин ээлери экенин айтып берди.

"Мониторинг борборундагы иштегендердин көбү кесиби боюнча юристтер. Мындан тышкары, курулуш, транспорт жана архитектура окуу жайынын жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу факультетинин бүтүрүүчүлөрү, IT кызматкерлер дагы бар. Бардыгы тең унаа мектептеринен окуп чыгышты. Мындан тышкары, Инфокомдун базасындагы электрондук базаны колдонууну үйрөнүштү. Ошондой эле биздеги Эреже бузуулар кодексин дагы окуп, атайын даярдыктан өтүштү", — деди Баратова.

Ал ЖКККББнын мониторинг борборунда иштей турган адистердин милдеттерин да айтып өттү.

"Коопсуз шаар" системасы боюнча айып салынган-салынбаганын кантип билсе болот
"Аппараттык-маалыматтык комплекстерге (жолдогу камераларга) түшкөн бузуулар боюнча маалымат Инфоком аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматынын базасы менен тастыкталып, мониторинг борборунун операторлоруна түшөт. Алар түшкөн маалыматтарды алып кайра иштеп чыгышат. Башкача айтканда, камерага түшкөн автоунаанын номерин, маркасын, моделин, бузулган эреже 123-берененин кайсы категориясына кирерин тактап, токтом түзүп инспекторлорго жөнөтүшөт. Инспекторлор аны текшерип, электрондук колун коюп транспорт ээсине жеткириш үчүн почта операторлоруна жиберишет", — деди Баратова.

Мониторинг борборунун жетекчиси алардын кызматкерлери 24 саат бою күнү-түнү иштерин кошумчалап кетти.