"Коопсуз шаарды" кайдан туруп башкарышат. Сүрөт

Мониторинг борбору жол эрежесинин бузулушу боюнча келип түшкөн материалдарды анализдейт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети ЖКККББнын мониторинг борбору кандай экенин көрсөттү.

Мониторинг борбору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесинин бузулушу боюнча келип түшкөн материалдарды анализдейт.

Аймактардагы жол эрежелерин бузууларды карап турчу радарлар. Сүрөт

Бул жерде жарандарды кабыл алуу бөлүмү менен Call-борбору иштеп, ага 100 номери аркылуу байланышууга болот.

Учурда фото-видео тартуучу камералар сынамык режимде иштеп жатат. Эртең, 12-февралдан тарта, кадимки тартипте иштей баштайт. Учурда камералар Бишкек шаарындагы 10 көчөнүн кесилишине жана аймактардагы 17 жерге орнотулган. Жаңы жабдуулар жети эреже бузууну каттайт.