Дамир Сагынбаев Шадиевдин 2 млрд. сомдук мүлкү кайда экенин айтты

Ушу тапта издөөдөгү Шадиев Кыргызстанда сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Шадиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана кылмыштуу жол менен табылган ири көлөмдөгү каражатты адалдоо фактылары боюнча иш козголгон. Аткаминер сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган

"Шадиевдин мүлкү камакка алынган. Учурда конфискацияланган 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлк мамлекеттин менчигине өттү", — деди Сагынбаев.

ТЭЦ боюнча Жээнбеков да текшерилеби? Коопсуздук кеңешинин жообу
Белгилей кетсек, экс-депутат ушу тапта издөөдө. Кылмыш ишин козгоого ЖКнын Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировдун 2 миллион сомду ыйгарып алуусу себеп болгон. Катка комитеттин төрагасы Шадиев кол коюп берген. Мүлкү камакка алынып, кийин депутаттык мандаттан ажыратылган

Кылмыш иши козголордон бир күн мурун, 27-апрелде, Шадиев Исфанага (Баткен облусу) тууганынын тажыясына кетип, ал жактан суу кечип кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан өтүп кеткен. 28-апрель күнү дипломаттык паспорту менен Кожент — Москва каттамы менен учуп, андан ары Нью-Йоркко чыгып кеткени айтылган.