Депутат Жолдошбаев карышкырларды эми танк менен атууну сунуштады

Эл өкүлү карышкыр аткандарга акчаны көбөйтүп берүү керектигин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев карышкыр аткандарга каралган 6 миң сомдун үстүнө дагы 2 миң сомдон кошуп берүүнү парламенттин жалпы жыйынында сунуштады.

Учурда депутаттар ар кандай маселелерди карап жатат.

Депутаттын айтымында, бир карышкырды атуу үчүн кеминде эле 10го жакын киши чогулуп алып барат.

"Бир карышкырды атканга 6 миң сом берет экен, аңчылыкка бери дегенде 10 киши барат. Таң атпай чыгышат, алыскы райондордо 30 градуска чейин суук болуп жатат. Нарын районунун Учкун айылынын тургундары ошол 6 миң сомго 2 миң сом кошуп койсо өзүбүз эле атабыз деп жатышат. 500 карышкыр атканы үчүн 2 миң сомдон кошулса, 1 милилон сом кетет экен", — деди депутат.

Ал ошондой эле өкмөт тарабынан каралган 6 миң сомдон социалдык төлөм жана башкаларын кармап калганда мергенчилер колуна 4800 сом аларын айтты.

Жолдошбаев карышкыр менен "туугандыктан кечкенде". Тик учактан атуу сунушу видеодо
Эл өкүлү, андан сырткары, өткөндөгү жыйында карышкырды тик учак менен атууну сунуштаганын билдирип, өкмөт Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго тапшырма бергенин белгиледи.

"Ал тик учак менен атканга болбойт, мергенчиликтин өзүнүн жолдору бар дейт. Эми карышкырды танк менен деле ата бербейби. Карышкыр кийиктердин бардыгын жеп койгону үчүн ылдый жактагы элдин короосуна секирип кирип курсагы ачып жатат. Ушул маселе боюнча Рустамовго тапшырма бергиле", — деди ал.

Жолдошбаев бир кийик атса 400-500 миң сом айып салынарын айтып, Рустамов ал акчаларды кайда коротуп жатат деп ачууланды.