Камералар ушул жети эреже бузууну каттайт. "Коопсуз шаардын" видеосу

Камералар бир жумадан кийин иштей баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында камералар каттоого ала турган жети эреже бузуу боюнча ролик жарыялады.

Видео ведомствонун Facebook баракчасына жайгашты. Учурда камералар тесттик режимде иштеп жатат. Ал эми 12-февралдан тарта толук ишке кирет. Биринчи этаптын алкагында камералар борбор калаанын 10 кесилишине орнотулган

Камералар эреже бузууларды кантип каттай турганын көрүп алыңыз:

Жол чыракка карабай өтүп кетүү

Жолдун каршы тилкесине чыга калуу

Тротуар, веложол, газон, жөө адамдар өтүүчү чийинден жүрүү

Жол чыракта кызыл күйгөндө стоп-линиядан өтүп токтоп алуу

Жөө адамдар өтүүчү чийинден эрежени сактабаган учурлар

Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыра айдоо

Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузуу

Камераларды келерки жылдын 10-февралына чейин толук орнотуп бүтүү пландалып жатат.