Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында журналисттерди нааразы кылды

Министр маалымат жыйындан кетип жатканда журналисттер нааразычылыгын билдиришти. Кашкар Жунушалиев социалдык тармактарда аны кызматтан кетүүсүн талап кылгандар бар экени боюнча суроону жоопсуз калтырды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Маалымат жыйында көпчүлүк журналисттер ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге суроо берүүгө үлгүрбөй калды.

Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча күбөлөргө тергөө басым жасадыбы? ИИМдин жообу
Маалымат жыйын саат 10:00дө башталып, жалпысынан 60 ЖМК катталган. Алардын 20сы гана суроо бергенге жетишти. Саат болжол менен 11:30дарда министр акыркы суроого жооп берип жатканын айтып, кетүүгө камынды.

Көптөгөн журналисттер суроо берүүгө мүмкүндүк берүүнү суранышты, бирок министр суроолорду жазуу түрүндө жөнөтүүсүн өтүнүп, жыйындар залынан чыгып кетти. Чыгып баратканда социалдык тармактарда аны кызматтан кетүүсүн талап кылгандар бар экени боюнча суроо берилип, ал жоопсуз калды.

"Кезек министрлик тарабынан ЖМКлардын каттоодон өтүшү боюнча түзүлүптүр. Журналисттер бардыгы суроосун берүүгө жетишпей калды", — деди кабарчыбыз.

ИИМдин маалымат кызматы белгиленген убакытта бардык журналисттер суроосун берип жетишмек эмес деп айтты. Кийинки жолугушууларда ЖМК өкүлдөрүнүн сунуштарын эске аларын билдиришти.

Министрдин маалымат жыйынын толук түрдө ушул жактан көрүңүз.