Президент УКМКнын орун басарын кызматтан алды. Ал болгону 8 ай иштеди

Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кожобеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.