150 баланы уй жүктөгөн вагон менен алып келишкен... Токтогон Алтыбасарова эскерилди

Ленинграддан Ысык-Көлгө чейинки үч айга созулган жолдо билегине байланган кездеме менен балдар көз жашын сүртө берип, анда жазылган ысымдары өчүп калган.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 26-янв. — Sputnik. Түп районундагы Күрмөнтү айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылындагы маданият үйүндө Ленинград блокадасында эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында багып-өстүргөн Токтогон Алтыбасарова эскерилди.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы №6 мектептин мугалимдери менен окуучулары келип, күрмөнтүлүктөргө Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беловдун куттуктоосун жеткиришкен. Алар Ленинград шаарынын фашисттердин курчоосунан толук бошонгон күнү менен куттуктап, элдин согуш учурундагы эмгеги унутулбасын айтышты. 

Памятные мероприятия ко дню блокады Ленинграда и спасение детей Токтогон Алтыбасаровой в селе Ак-Сай

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи эне сүтү оозунан кете элек, турмуштун ачуу-таттуусун биле элек бөбөктөр эле. Ата-энесинен ажырап, мусаапыр болгон кичинекейлердин 150сүн ошол кезде өзү деле балалыгы менен толук коштошо элек 16 жаштагы Алтыбасарова камкордукка алган. Ошол 1942-жылы Токтогон апа Ак-Булак айылдык кеңешинин катчысы болуп эмгектенип, иш кагаздар менен иштечү. 

Памятные мероприятия ко дню блокады Ленинграда и спасение детей Токтогон Алтыбасаровой в селе Ак-Сай

Ал жаңы келген ар бир наристени бооруна тартып, айрымдарынын ысымын да өзү койгон. Анткени Ленинграддан Ысык-Көлгө чейинки үч айга созулган жолдо билегине байланган кездеме менен балдар көз жашын сүртө берип, анда жазылган ысымдары өчүп калган. 

Каардуу согуш аяктагандан кийин Токтогон апа балдардын ата-энелерин издөө менен алек болгон. 10 жыл бир үй-бүлөдөй жашаган балдардын кай биринин ата-энеси табылса, кээсиники табылган эмес. 

Памятные мероприятия ко дню блокады Ленинграда и спасение детей Токтогон Алтыбасаровой в селе Ак-Сай

Эскерүү кечесинде 1,5 жаштан 17 жашка чейинки 150 балага ата да, эне да болгон Алтыбасарованын "балдары" ошол кез тууралуу айтып беришти.

"Мен анда 4 жашта элем. Эсимде калганы, бизди уйлар жүктөлгөн вагондо алып келишти. Согуш, каатчылык учур эле да. Күрмөнтүгө келгенде бизди жуунтуп, жылуу төшөнчүлөргө жаткырышты. Таң атканда колхозчулар келишти. Ар ким колундагысын алып келип, баарыбыз тамактандык. Мен Күрмөнтүдө үч жыл жашагам. 7 жашка чыкканда Саруу айылына жиберишти. Согуш бүткөн соң балдар кайра Россияга жөнөтүлдү, 500дөй адам Кыргызстанда калдык. Мен токуучу болуп 26 жыл иштегем. Учурда Бишкекте жашайм. Эки балалуумун. Азыркыга чейин ошол апаат жылдары бизди аман алып калган элеттиктерге ыраазымын", — деп эскерди Валентина Ашеулова.

Памятные мероприятия ко дню блокады Ленинграда и спасение детей Токтогон Алтыбасаровой в селе Ак-Сай
Токтогон апа мекенине кайткан балдар менен кийин да байланышты үзбөй, алардан кабар алып турган. Өмүрлүк жолдошу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Муса Абдиев менен Ленинградда сыйлуу мейман да болуп турушкан. 1976-жылы Ленинград блокадасына арналган эскерүү кечесине барып, "Хочу жить" деп аталган даректүү тасмага тартылып келген. Жубайлар 9 балалуу болушкан.

Балдар кеткенден кийин деле артынан жемиш, талкан салып турчу

Балдарынын айтымында, Токтогон апа абдан билимдүү эле. Мыйзамдарды жатка билип, "жандуу энциклопедия" деген атка конгон эне 150 баласынын ар биринин аты-жөнүн, туулган жылын так билчү. Кеңеш сурап кайрылгандар да көп болчу экен. 

Памятные мероприятия ко дню блокады Ленинграда и спасение детей Токтогон Алтыбасаровой в селе Ак-Сай

"150 баланын көпчүлүгү Россияга кеткен. Сарууда, Бишкекте, Кара-Балта шаарында калгандар да бар. Биз көбү менен байланышып турабыз. Бир далайы өтүп кетти. Эң улуулары апабыз менен тең эле да. Ошол оор жылдары айылдагылар бири айран, бири сүт, дагы бири нан алып келип, балдарды аман сактап калышкан экен. Бирөө да өлгөн эмес. Эсимде, алар мекенине кеткенден кийин Россияга посылка көп салчубуз. Ар күнү ящиктерге алма, алмурут салып, почтага жөнөөр элек. Өзгөчө күзүндө. Талкан да салдык. Бул жактагы тамактарды сагындык деп кат жазышчу. Негизи, биздин үйдөн киши үзүлчү эмес. Ошентсе да апабыз ар бирибизге көңүл бөлүүгө жетишчү. Эч убакта калп айтпа, оңой оокатка карабай, маңдай териңер менен гана жан баккыла дечү", — деди уулдарынын бири Марат Абдиев.

Токтогон апа 1926-жылы көп балалуу бүлөдө жарыкка келип, 2015-жылдын 11-июнунда 91 жашында, абышкасы каза болгондон эки жылдан кийин жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алынып, ысымы 2015-жылы айылдык китепканага, 2017-жылы маданият үйүнө ыйгарылган.

1 / 4
Айылдык китепканага "Русская гуманитарная миссия" уюму, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу, "Кумтөр" тарабынан берилген китептер тапшырылды
2 / 4
Токтогон апа 1926-жылы көп балалуу бүлөдө жарыкка келип, 2015-жылдын 11-июнунда 91 жашында, абышкасы каза болгондон эки жылдан кийин жарык дүйнө менен кош айтышкан.
3 / 4
Алтыбасарова балдарга 1952-жылга чейин кам көргөн. Кийин да алар менен байланышын үзгөн эмес.
4 / 4
Токтогон апанын көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алынып, ысымы 2015-жылы айылдык китепканага, 2017-жылы маданият үйүнө ыйгарылган.
Эми Санкт-Петербург шаарында эстелиги коюлмакчы.

Ал эми туура бир жылдан кийин Санкт-Петербургдун депутаты Борис Вишневский курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга келген 150 баланы камкордукка алган Токтогон апанын ысымын шаардагы сейил же гүлбакчага ыйгарууну сунуштаган.

Алтыбысарованын уулу Абдиев бул күнү айылдык китепканага "Русская гуманитарная миссия" уюму, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу, "Кумтөр" тарабынан берилген китептерди жана Санкт-Петербург шаарына коюлуучу эстеликтин макетин тапшырды.