Билчү белеңиз? Араб жана фарс тилинен кирген сөздөрдүн тизмеги

Бул сөздөрдү сиз жашооңузда кездештирип эле жүрөсүз. Эгер кыргыздын нукура сөздөрү деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Себеби тилдин байышына сырткы булактардын таасири чоң. Маселен, бизге орус, латын, иран, араб, фарс, монгол жана башка тилдерден көптөгөн сөздөр кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. "Тибиртке" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Кумаш Малаев тарабынан түзүлгөн "Кыргыз тилине кирген араб жана фарс сөздөрүнүн сөздүгү" китебине үңүлдүк.

Абад (араб тилинен келген, түз мааниси "түбөлүктүү") — гүлдөгөн, тартипке келтирилген жер. Мисалы, ээн жаткан чөл эле, эл орношуп абад болду;

Адеми (ар. — "адамгерчилик", "ырайымдуулук") — адам сыяктуу, адамга жарашыктуу, келишимдүү;

Азамат (ар. — "чечкиндүү", "улуулук", "чоңдук") — мыкты. Мисалы, айтканына бек турган азамат жигит болуптур;

Тарыхый сөздөрдүн маанисин билесизби? Зоолу, бычан, шап, оттук...
Ак серке (ар. — "кычкыл") — айран кошулган шорпо;

Акшам (ар. — "шам", "жарык") — күн баткан мезгил;

Амир (ар.) — шаардын башчысы, аскер башчы, кеме башчы;

Андаба (фарс) — курулушта колдонулуучу кол аспап (шыбоочу калак);

Апта (фарс) — жети күн, бир жума;

Аптап (фарс) — ысык. Мисалы, күндүн аптабынан этият болгула;

Асаба (араб — "курчоо", "байлоо") — байыркы убакта согушка бет алган жоокерлер найзаларынын башына байлоочу чүпүрөк же бир тутам кыл, кызыл туу ж.б.

Бада (фарс) — жайыттагы мал;

Байбача (фарс) — байдын баласы;

Байге (фарс — "чуркатуу", "жүгүртүү", "жарыш") — сыйлык. Мисалы, ат чабышка жакшы байге коюлуптур.

Балит (фарс — "булганыч") — таза эмес. Мисалы, казан-аягы балит экен;

Баңги (фарс — "кара куурай") — нашаа чекенден бузулуп, акылы ордунда болбой калган адам;

Баябан (фарс — "талаа", "ээн жер") — эл четин көрбөй баябанда эки ай жүрүптүр;

Баян (араб — "түшүндүрүү", "айтып берүү") — көргөн, билгендерин толук баян кылды;

Бостек (фарс — "көлдөлөң") — меймандар салынган бостектин үстүндө олтурушу;

Бочок (фарс — "кабык") — дарбыз, коондун бочогун мал жакшы жейт;

Бөбөк (фарс — "кичинекей бала") — бешиктеги бала;

Даам (араб — "тамак") — үй жакка барып даам сыза кеткиле;

Дасмия (фарс — "колуңдагы бир айлык каражат") — барып келүүгө дасмиям жетет. Туунду сөздөр: дасмиялуу, дасмиясыз;

Дервиш — (фарс) — күйүткө чыдабай тентип кетүү;

Жагдан — (фарс) — чемодан;

Жоор (араб — "жабыр") — Мисалы, минген аты дайыма жоор болот, этият кылбай колун жооруптур;

Жубан (фарс — "жаш эркек же аял") — күйөөдөн чыккан келин. Мисалы, атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар;

Заар (фарс — "уу") — заар ичирип өлтүрүптүр, тили заар, заарданып отурат;

Зээн (араб — "акыл-эс") — зээндүү бала болуптур, сабакты зээнин коюп окуйт;

Икая — (араб) — тарыхый иштерди баян кылуу, повесть;

Илдет (араб — "сыркоо", "оору") — ал илдетке чалдыгыптыр;

Казал (араб) — ыр менен жазылган дастан;

Календер (фарс) — күйүттөн бузулуп, эл кыдырып кеткен адам (думана);

Калта (фарс — "баштык") — калтасы толо пул экен;

Калы (фарс — "килем") — жүк жүктөгөн төөгө калы (килем) жабуу элдин салты;

Чавадан, жылаажын, баргек, түрпү... Сейрек сүйлөнгөн сөздөргө саякат
Кемел (араб — "жетик") — Мисалы, кемелине келгенде (жетилгенде) баарыбызды ушул башкарат, менин кемелиме (мен жеткен жашка) келбей кал;

Медет (араб — "жардам", "колдоо") — Мисалы, кудай өзү медет берсе, душманды жеңип алабыз;

Мухит — (араб) — океан;

Най (фарс — "чоор", "түтүкчө", "көзөнөк") — Мисалы, най тартып жатат;

Насил (араб — "урук-тукум", "муун") — Мисалы, ал насилин тартты;

Рабат, ырабат — (араб) — кербен сарай;

Райис (араб — "башчы") — колхоз раиси жаңы келди;

Сардар (фарс — "аскер башчы") — командир;

Сармерден (фарс — "жалпы", "чогуу") — тойго келгендер сармерден кылып ырдады;

Саябан (фарс — "көлөкө болуучу") — көлөкө болуу үчүн атайын жасалган калканч. Мисалы, саябандуу арабага түштүк.