Апта ирмеми: торопойлорду бычууга каршы чыккандардан тарта Люкстун секиригине чейин

Sputnik

Сан-Бартоломе-де-Пинарес шаарында жылда болуучу Las Luminarias фестивалы өттү.

Тегеранга жакын жердеги Караж шаарына Бишкектен учуп чыккан Boeing 707 учагы кулап түшкөн. Анын кесепетинен борттогу 16 кишинин 15и каза болгон.

Бразилиялык биолог студент океандын кирдегенине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн Рио-де-Жанейро шаарындагы AguaRio океанариумунда русалканын кийимин кийип алып сүздү.

Үйү сейил бакка, баласы топуракка айланып... Авиакырсыктан көз жумгандар эскерилди
АКШнын президенти Дональд Трамп Америка футболу боюнча студенттик команданын мүчөлөрүнө фастфуд берди.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун алкагында Филиппиндерди 3:1 эсебинде утуп алды

Парижде мода жумалыгы өттү.

Берлинде торопойлорду бычууга каршы жаныбарларды коргоочулар демонстрацияга чыкты.

Найробиде (Кения) мейманкананын жанында жарылуу болуп, 21 киши көз жумду.

Дача-Су айылында 2017-жылы январда кулап түшкөн Boeing 747 жүк ташуучу учагынан курман болгондор эскерилди

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында митинг болуп, коомдук тартипти бузду деп 21 киши кармалды.

1 / 16
Тегеранга жакын жердеги Караж шаарына Бишкектен учуп чыккан Boeing 707 учагы кулап түшкөн. Анын ичиндеги 16 кишинин бирөө гана аман калган.
2 / 16
Дача-Су айылында 2017-жылы январда кулап түшкөн Boeing 747 жүк ташуучу учагынан курман болдор эскерилди
3 / 16
Сан-Бартоломе-де-Пинарес шаарында жыл сайын өтүүчү Las Luminarias фестивалында жалын аралаган чабандес
4 / 16
АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйгө чакырылган Америка футболу боюнча студенттердин Clemson Tigers командаcынын мүчөлөрүнө фастфуд берди
5 / 16
АКШнын Преспумскот дарыясында айланган тегерек муз
6 / 16
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы филиппиндерди 3:1 эсебинде утуп алышты. Үч голду тең чабуулчу Виталий Люкс киргизди
7 / 16
Париждеги мода жумалыгында моделдер Off-White кийимдерин көрсөтүүдө
8 / 16
Германиянын борбор калаасында торопойлорду бычууга каршы демонстрация өттү
9 / 16
17-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп, чыккандар бир катар талаптарды койду. Алардын арасында Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай жарандарынын санын азайтуу, эреже бузуу боюнча ишке кирген кодекстеги айыптардын көлөмүн азайтуу бар. Нааразычылык акциясында коомдук тартипти бузду деген кине менен 21 киши кармалды
10 / 16
Канаданын "7 бармак" (The 7 Fingers) театр-циркинин спектаклинен көрүнүш
11 / 16
Берлиндеги мода жумалыгында Irene Luft кийимдери көрсөтүлдү
12 / 16
Австриянын аскерлери калың жааган кардын кесепеттерин жоюуда
13 / 16
Кениянын Найроби шаарындагы мейманкананын жанында жарылуу болду. Полициянын башкы инспектору Жозеф Бойнненин айтымында, 21 киши каза болгон
14 / 16
Бразилиялык биолог студент океандын кирдегенине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн Рио-де-Жанейро шаарындагы AguaRio океанариумунда русалканын кийимин кийип алып сүздү
15 / 16
Индияда өткөн Кумбха Мела диний фестивалынан бир көрүнүш
16 / 16
Чүй облусунун Новопокровка айылында христиандардын Крещение майрамы өттү