Жакшы иштесин, элди карасын! Абылгазиевди куттуктаган тургундардын видеосу

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туулган күнү. Ал 51 жашка толуп отурат. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги борбор калаа тургундарынын өкмөт башчыга болгон каалоо-тилектерин угуп көрдү.
Sputnik

Кыргызстандыктар премьер-министрге бекем ден соолук жана ишине ийгилик каалашты. Ошондой эле андан эл мүдөөсүн аткара ала турган күчтүү команда түзүп, өлкөдө кандайдыр бир өзгөртүү жасарына үмүт артарын билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков жээн небереси менен туулган күнүндө. Фотофакт
Абылгазиев туулган күнүн жакындары жана үй-бүлөсү менен өткөрөт. Мындан башка салтанат пландалбаганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Орто билимди Дөң-Алыш айылындагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинен алган. 1994-жылы ошол убактагы Фрунзе шаарындагы Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча аяктаган. Экинчи билимин Кыргызстандын Эл аралык университетинен алып, экономика жана бизнес факультетинде окуган.

Атасы да, апасы да Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында туулуп-өскөн. Атасы Дүйшөке Абулгазиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон, бир нече жыл мурда көзү өткөн.

Өкмөт башчы эки уул, эки кыздын атасы. Улуу балдары студент. Эки кичүү баласы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окушат.