Ар бир операцияма өлүмгө даярданып кирем... "Өзгөчө" кыз Айпери менен маек

Айпери ууртунан күлкүсү төгүлүп, бети нурга толгон кыз. Ал көчөдө өтүп бара жатканда да көпчүлүк "татынакай кыз экен, бирок..." дешет. Айперинин эң жаман көргөн сөзү ушул. Ал адамдын кемчилигин билип, аны аяп турсаң, унчукпай коюу жетиштүү деп эсептейт.
Sputnik

28 жаштагы Айпери Хаматова турмуштун сыноосуна сынбастан коомдук иштерге активдүү катышып, жөнөкөй адамдарга жардамын аябаган кыз. Ошондой эле өзүнө окшогон кыздар менен жиптен кийим-кече, сумка, кооздуктарды токуп оокат кылат. Тапканы дары-дармегине кетет. Келечекте тигүү цехин ачууну кыялданат.

Айперинин тагдыры тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маектен окуңуз.

— Айпери, кайсы жактын кызы болосуз? Үй-бүлөңүз, балалык күндөрүңүз тууралуу айтып бересизби?

Эркектер коляскадагы сүрөтүңдү кой дешет. Кырсык тооруган Гүлзананын баяны
— Жалал-Абаддын кызымын. Атам каза болгондо алтыда болчумун. Энебиз бизди жалгыз эрезеге жеткирди. Акыркы он жылдан бери ооруп төшөктө. Мен жумуштарга, ден соолукка карап Бишкекке бат-баттан каттап турам. Өзүм жети бир туугандын кенжесимин.

Төрөлгөндө куландан соо экенимди айтышат. Төрт жашымдан тарта бутум ооруп баштаптыр. Ушул кезге чейин жети ирет операция жасалды. Эми алдыда эки операция күтүп турат. Диагнозу айтканга татаал — остеохондродисплазия. Жалпак тил менен түшүндүргөндө сөөктүн жумшактыгы. Анын кесепетинен басканда бутка күч келип ийрейип кетет. Дарыгерлер он жашка чейин жакшы болот деп убада беришиптир. Өзүбүз да билбей, жакшы көңүл бурбай жүрө бердик окшойт. Эми бул да болсо маңдайга жазылганы да.

Бала кезде өжөр болчумун. Эсимде, шаардан жаңы операция жасатып чыгып келсем, дос кыздарым талаага мал караганы баратыптыр. Мага ал жак абдан кызык сезилди. Апамдан бир жума суранып жатып көрүп келгем. Балдар боз талаадан тажап кайтышса, мен жыргап ойноп келгеним эсимде. Андай күндүн далайын өткөрдүм. Кээде үйдөгүлөргө эскертпей эле чыгып кетчүмүн. 

Кыргызстанка Айпери Хаматова

— Билим ала алдыңызбы?

Майыптыгымды билген курбум батиримди тартып алган. Роза Бегалиеванын маеги
— Бизде ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алуусуна шарт түзүлгөн эмес. Мектептин кире беришинде пандустар жок. Кабаттуу имарат болсо чыгып баруу кыйын. Экинчи жагы, майып адамдардын жакындары ага билим берүүгө көңүл бурбайт. Ал үчүн дайыма бир адам алып барып турушу керек да. Жеке өзүм тууралуу айтсам, тартынып жатып эле окубай калдым. Анүстүнө мектеп алыс болчу. Эс тартып калганда көчөгө чыккандан уяла баштадым. Жаш балдар эч нерсени билбейт да. Колдору менен жаңсап сени көрсөтүп жатса жаман болосуң. Ал гана эмес, азыр да чоң кишилер бир топко чейин карап "ии, жакшынакай кыз экен, бирок тигиндей тура" деп күбүрөп-шыбырап өтүшөт. Ушинтип жүрөктү оорутушат, көңүл бурбай койсо болот да. Адамды аясаң, ичиңен эле ойлогон жетиштүү болсо керек.

Билим алууга азыр да кеч эмес. Кечки мектептен окуп жатам. Кудайга шүгүр, жазылгандарды жакшы эле окуйм, жаза да алам. Кийинчерээк окуу жайга тапшырууну ойлоп жүрөм. Себеби өлкөгө салым кошкуң келсе, "алма быш, оозума түш" дебей, өзүң аракет кылышың керек.

— Токуганды кантип үйрөнүп алдыңыз?

— Аны өздөштүргөнүмө алты-жети жыл болуп калды. Интернеттен карап үйрөндүм. Башында жакындарыма, өзүмө токуп кийчүмүн. Анан бизге да түйүп бер деп кайрылгандар болду. Азыр жакшы, социалдык тармактан жарнамалап оокатыңды өткөрсөң болот. Жакшынакай жоолук, свитер, сумка, чачка тагылуучу кооздуктарды жасай алам. Шаардан өзүмө окшогон майып эжелер менен биргеликте иштеп жатам. Үйлөрүбүз ар кайсы жерде болгондуктан чогулуп иштөө кыйын болууда. Атайын офис жок. Токуудан түшкөн каражатты басып-турганыма жумшайм. Жасалган операциялар бекер болгону менен ден соолукту калыбына келтире турчу дарыларды сатып алам. Азыр бир бутумда сөөктү түз карматып туруу үчүн кадалган темир пластина бар. Эми аны алып экинчисин койдурушум керек. Пластина 20 миң сомго барат. 

Кыргызстанка Айпери Хаматова

— Кандай мырзаларды баалайсыз?

— Эркек чечкиндүү болгон жакшы. Эң башкысы — үй-бүлөсүн коргой билген, динден түшүнүгү бар адам болсо. Өзүм жоолук салынып, намаз окуйм.

— Кандай тилек, ой-максаттарыңыз бар?

Өзгөчө кыз-келиндердин чүрөктөй сүрөтү менен жүрөк тилген баяны
— Кийинки убакта өтө чоң кыял пайда болду. Мүмкүнчүлүгү чектелген эже-сиңдилердин башын бириктирип тигүү цехин ачсамбы деп кыялданып жатам. Биздей адамдардын жумушка орношуусу кыйын. Негизи мекемелерде майыптарды дагы жумушка алыш керек деген милдеттенме болсо керек, бирок ал нерсе иштебейт.

Тренинг-семинарларга активдүү катышып келем. Жалал-Абаддагы "Асыл-Ай" коомунда иштегем. Бишкектеги "ЛОВЗпринт" бирикмесинен монтаж жасаганды окугам. Эми бетти сулуулап, тырмак жасаганды үйрөнүп алсамбы деп жатам.

Ошондой эле бир катар шарттар түзүлсө дейм. Мен өткөндө биринчи жолу майып адамдар үчүн унаа токтотууга орун бөлүнүп бере турганын көрдүм. Ош базарындагы соодо түйүндөрүнүн биринде белгиси туруптур. Бирок ал жактан деле таламыңды талашып машинаңды токтото албасаң керек деп ойлоп койдум. Пандустар дайыма айтылып келе жаткан көйгөй. Көргөзмө үчүн эмес, пайда келтирүү үчүн орнотулса болмок. 

Кыргызстанка Айпери Хаматова

— Жашоодо сизге эмне дем-күч берет?

— Мен азыр операциядан кийин эле таяк менен жүрөм. Болбосо басып-туруу жеңил эле. Тагдырдын жазмышынан улам баса албай коляскада отургандар, сүйлөй албагандар, көрө албагандар бар… Кудайга шүгүрчүлүк гана келтириш керек.

Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле... Көзү азиз жубайлардын баяны
Кээде суукта маршруткага түшкөндөн кыйналам. Сыйгаланып кетип бутумду кокустатып албайын дейм да. Коомдук транспортко түшкөндө дароо эле орун бошотуп беришет. Бир ирет арт жакта отурсам, улгайган эже кирип келип "ай, уят эмеспи, жаш эле кыз экенсиң" деп урушуп кирди. Мен четке жөлөп койгон таягымды алып тура калдым эле, билбестиктен уялып кетип "отура бер кызым, мен бир аздан кийин түшөм" деп болбой койду. Мындайлар көп кездешет.

Айта берсе, сөз чыга берет. Ар бир операцияма өлүмгө даярданып кирем. "Чыкпай калсамчы…" деген ой келет. Бир жолку операциядагы окуя эсиме түштү. Чачым узун эле. Эжекем "операциядан кийин жүдөп кыйналасың, кыркып коелу" деген. Мен "операциядан турбай калсамчы?" десем, жаман болуп урушкан. Ар кандай нерселер оюңа келет экен да.

Элге көп жардам бергим келет. Кимдин бирөөнүн көңүлүн жайгарып, жакшы ишине себепчи болсом, жеңилдей түшөм. Өткөндө окуудан чыгып түштөнүүгө баратсам, селсаяк адам таштандыда жаткан тамакты жегени жатыптыр. Боорум ооруп ашканага алып барсам, кызматкерлери киргизбей койду. Анан контейнерге салып чыгып бердим. Жөн адам көчөдө калмак беле, андайларга да турмуш сыноосун берсе керек да. Ошондон улам жакында эле социалдык тармактан жардам сурап, селсаяктарга бир күндүк ысык тамак акциясын уюштурдук. Акчалай жардам берген 3-4 адам болду. Өзүбүз күнүмдүккө керектеле турчу каражаттан коштук. Тамак-ашты ташып барганга мендей адамдар жардамдашкандыктан бир аз ыңгайсыз болду. Ыктыярчыларды тартсак болмок экен деп калдым. Буюрса, ушул сыяктуу иштерди да колго алсамбы дейм.