Иранда кыйраган учакта кыргызстандыктар бар беле? Аэропорттун жообу

Иран ЖМКларынын маалыматына караганда, учакта 16 адам болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Тегерандын жанына кулаган учактын ичинде кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Манас" аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Эске салсак, Бишкектен учуп чыккан Boeing 707 жүк ташуучу учагы Тегеранга жакын жерге кулап түшкөн. Кийин учак эт ташып бара жаткандыгы белгилүү болгон

1 / 4
Тегеранда кулаган учактын ичинде кыргызстандыктар болгон эмес
2 / 4
Эске салсак, Бишкектен учуп чыккан Boeing 707 жүк ташуучу учагы Тегеранга жакын жерге кулап түшкөн
3 / 4
Кийин учак эт ташып бара жаткандыгы белгилүү болгон.
4 / 4
Тегеран — Бишкек — Пайам чартердик каттамы менен бара жаткан учак дүйшөмбү күнү 7.16да "Манас" аба майданынан учуп кеткен.

"Кырсыктаган учактын бортунда Кыргызстандын жарандары болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Курбанованын айтымында, учак  IRON AIR FORCE компаниясына таандык. Ичиндеги жүктүн салмагы 30 тонна экени кошумчаланды.

Тегеран — Бишкек — Пайам чартердик каттамы менен бара жаткан учак дүйшөмбү күнү 7.16да "Манас" аба майданынан учуп кеткен.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча кырсык болгон жерден жети адамдын сөөгү табылган.