Ананьево: мүрзөнүн талкаланган белгилерин кайра орнотууга эл жардам бермей болду

Жергиликтүү эл көр башындагы белгилери талкаланган ар бир бейитти санап чыгып, саны 100гө жакын деп билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тургундары жергиликтүү бейиттерди талкалагандар мыйзам чегинде жазасын алышын талап кылды. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган айылдагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

1 / 4
Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тургундары жергиликтүү бейиттерди талкалагандар мыйзам чегинде жазасын алышын талап кылды.
2 / 4
Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган айылдагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап жана жоопкерчиликке тартууну тапшырды.
3 / 4
Эске салсак, 11-январда саат 20.30да белгисиз бирөөлөр көрүстөндөгү чырым белгилерин, эстеликтерди, тосмолорду сындырып, гүлчамбарларды ар тарапка ыргытып кетишкен.
4 / 4
Мындай көрүнүштү алгач ошол күнү кечинде айылдагы чиркөөнүн башчысы көргөн.

"Биздин өлкө үчүн бул өзгөчө адепсиз көрүнүш, анткени көзү өткөндөрдүн элесин урматтоо — Кыргызстандын элине таандык маанилүү сапаттардын бири эмеспи. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылып жана жазага тартылышы керек, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүстөндө бузулган эстеликтерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш", — деген Абылгазиев.

Эске салсак, 11-январда саат 20.30да белгисиз бирөөлөр көрүстөндөгү чырым белгилерин, эстеликтерди, тосмолорду сындырып, гүлчамбарларды ар тарапка ыргытып кетишкен. Мындай көрүнүштү алгач ошол күнү кечинде айылдагы чиркөөнүн башчысы көргөн

Айыл активи жергиликтүү бийлик менен бирге түндө барып, ал көрүнүшкө күбө болушкан. Таң атканда айыл тургундары чогулуп, окуя болгон жерге райондун акими жана райондук күч стуруктура башчылары келип, дин аралык жана улут аралык түшүнбөстүктөр болбошу керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошто көрүстөндөгү элүүдөн ашуун эстеликти бузду делген киши кармалды
Тургундар бул жорукту айбанчылык деп баалап, ким жасаса да табылып, жазасын алсын деген талап коюуда. Алар көзү өткөндөргө урмат-сый болушу керектигин айтышты.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Таалайбек Кубат уулу Ананьево айылында көп улуттуу эл өз ара ынтымакта жашай турганын айтып, сынган эстелик белгилерди калыбына келтирүү иштери жергиликтүү тургундар менен бирге жүргүзүлөрүн билдирди. Анын айтуусунда, бул жер көрүстөн катары 150-200 жылдан бери колдонулуп келе жатат. Ал 1,5 гектар жерди ээлейт.

Айылдык кеңештин депутаты Алла Щелокова бул иште эч кандай диний маселе жок экенин айтып, аны тентектиктин жыйынтыгы деп баалады. Ал ошондой эле бул кылыкты жасагандарды айыл тургундары да издейт деген пикирин айтты.

Айыл тургуну Зоя Студиникина көрүстөндө кызынын сөөгү жатканын, колу менен кылгандар жазаны мойну менен тартсын деген оюн билдирди.

"Албетте, биз өтө капа болдук. Бул жерде менин кызым жатат. Үч жыл мурда 28 жашында каза болгон. Өзү журналист эле. Бул ишти ким жасаса да алар өз жазасын мыйзам чегинде алышы керек. Биз буга абдан ишенебиз", — деди.

Жергиликтүү эл белгилери талкаланган ар бир бейитти санап чыгып, тизмесин алууда. Алардын эсеби боюнча 100гө жакын деп жатышат.

Бул иш боюнча учурда жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.