Ташкентте көк бөрүнүн эрежеси бекитилип, тай казанды алуу маселеси көтөрүлдү

Жыйында Казакстандан барган өкүлдөр тай казанды алып салуу маселесин көтөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өзбекстандын борбору Ташкентте Эл аралык көк бөрү федерациясынын конгресси өтүп, оюндун эл аралык эрежелери талкууланды. Бул туурасында Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Анын айтымында, конгресске Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россиянын субъектилери, Монголия, Афганистан, АКШ жана Түркия мамлекеттеринен өкүлдөр катышкан.

"Бүгүнкү жыйындын алкагында АКШ менен Россиянын субъектилери Эл аралык көк бөрү федерациясына мүчө болуп кирди. Ошондой эле оюндун жол-жобосу талкууланып, быйыл Көчмөндөр оюндарындагы эреже эл аралык катары таанылды. Башында Казакстандан барган өкүлдөр тай казанды алып салуу маселесин көтөрдү. Бирок ал сунуш күн тартибине киргизилген жок", — деди Саматов.

Жөлөп-таяп, аттан кулап. Америка жана франциялыктардын көк бөрү тарткан видеосу
Мындан сырткары, ушул жылдын күз айларында Өзбекстанда Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү демилгеси жактырылган. Азырынча мелдештин так датасы жана кайсы шаарында боло турганы белгисиз.

Ага чейин эл аралык федерацияга мүчө болуп кирген өлкөлөрдөн бирден жана Өзбекстандан үч калыс Кыргызстандан окуп, даярдала турганы айталат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Бишкекте да ушундай конгресс өтүп, Жыргалбек Саматов Эл аралык көк бөрү федерациясынын башкы катчысы болуп дайындалган.

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан таанышыңыздар.