Бүгүн Бириккен Араб Эмирлигинде футбол боюнча Азия кубогу башталат

Кыргызстандын курама командасы аталган чемпионатка биринчи жолу катышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бүгүн Бириккен Араб Эмирлигинде футбол боюнча Азия кубогу старт алат.

Ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча 20:30да, ал эми беттеш 22:00дө башталмакчы. Оюнду толугу менен КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Азия кубогундагы Кыргызстандын оюндарына билеттер Бишкекте сатылууда. Баалары
Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы аталган чемпионатка биринчи жолу катышып жатат. Улуттук команда С тобуна кирип, Кытай (7-январь), Түштүк Корея (11-январь) жана Филиппин (16-январь) менен ойнойт.

Команда башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетектөөсү менен өткөн жылдын декабрь айынан бери Дохада (Катар) даярдык көрүп келишкен.

Команданын медиаофицери Павел Синегубов билдиргендей, алгачкы эки беттеш Аль-Айн шаарында, үчүнчүсү Дубайда өтөт.

Беттеш аталган өлкөнүн төрт шаарында: Дубай, Абу-Даби, Аль-Айн жана Шарджда өтөт. Биринчилерден болуп талаага Бириккен Араб Эмирлиги менен Бахрейн командалары чыкмакчы.