БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Прокуратура Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун ишин жаңы жагдайдан улам кайра кароодон баш тартты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы Жапаровдун ишинде жаңы жагдайлар бар экени тууралуу адвокаттын жазган арызын карап чыгып, канааттандырганы айтылган.
"Бүгүн, 3-январда, Бишкек шаардык прокуратурасынан жаңы жагдай боюнча жооп алдым. Анда "Биринчи май райондук прокуратурасынын Садыр Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдай боюнча иш козгоого негиз жок деген чечимди бузууга негиз жок" деп жооп бериптир. Биз буга макул эмеспиз. Эми Башкы прокуратурага кайрылабыз", — деди Токтосунов.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда отурат.
УКМК 2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга киргенде камакка алган.