Муну менен катар кабарчы шаардык милициядагы өздүк булактардан маалымат топтоду. Ага ылайык, кыздар жыл жаңырар түнү ал жерге түнөп калышкан.
Видеодо көрүнүп тургандай, өрт чыккан жай мейманкананын жер төлөсү болуп эсептелет. Кырсык болгон учурда аталган жайда кардарлар болгон эмес.
"Алдын ала маалыматтарга караганда, кыздар ичимдик ичип, чылым чегишкен. Алар уктап калганда тамекинин чогу жуурканга түшүп, түтөй баштаган. Кыздар күйүп эмес, түтүнгө ууланып каза болушкан", — деп айтып берген маалымат берген жак.
Өрт тууралуу милицияга кабар 2019-жылдын 1-январында саат 7.30дар чамасында түшүп, Тез жардам унаасы жерине барганда кыздардын мурдараак каза тапканы белгилүү болгон.
Кабарчы мейманканага коңшу жашаган тургундар менен сүйлөшкөндө, атын атагысы келбеген аял ал жерде бир нече жылдан бери сойкукана иштейт деген пикирин айтты.
"Мейманкана жайгашкан Жим кѳчѳсүндѳгү №1 үйдө газ жок. Батирлер ижарага арзан берилет, ошол үчүн эле айласыздан жашап жүрөбүз. Болбосо аябай криминалдуу жер. Мас эркектер дайыма мушташа берет. Түнкүсүн үстүңкү кабаттарда кыздардын ар кандай үндөрү угулат. Мэрияга даттана албайбыз, анткени батирди ижарага алып жашайбыз, үй ээси эмеспиз", — деди ал.
Эске салсак, 1-январь күнү Ош шаарындагы Жим кѳчѳсүндѳгү №1 үйдө жайгашкан "Жетиген" мейманканасынын жер төлөсүндө өрт чыгып, 20 жана 27 жаштагы эки кыз каза болгон.
Буга чейин да ушул жайда кырсыктуу окуя болгон. 2018-жылдын 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында Жим көчөсүндөгү ушул эле 12 кабат үйдөн өрт чыккан. Андагы өрт 5-кабаттагы №22 жана №23 батирлерде башталганы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын экөө терезеден кулап кеткен. Алардын бири эркек киши, экинчиси 25-30 жаштагы аял экени белгилүү болгон. Кийин ал аял алган жараатынан каза тапкан.