КРдин футбол боюнча курама командасы Жаңы жыл күнү Палестинаны утуп алды

Мелдеш Азия Кубогунун алдындагы мүмкүнчүлүктү дагы бир ирет текшерген оюн болуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кечээ, 31-декабрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жолдоштук мелдеште Палестинанын командасын 2:1 упай эсебинде утуп алды. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.

Оюн Катар мамлекетинде жабык тартипте өттү, башкача айтканда, трибуналар бош болду. Мелдеш Азия Кубогунун алдындагы мүмкүнчүлүктү дагы бир ирет текшерген оюн болуп калды.

Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?
​Буга чейин КРдин курама командасы мындай эки беттеш өткөргөн. Биринчисинде Иорданияны 1:0 эсебинде утса, ал эми экинчи мелдеште Катарга жеңилип калган

Бул ирет эсеп  2:1 болуп, ийгилик кыргызстандыктарга жылмайды. Курама командадан Эдгар Бернхардт менен Ахлилидин Исраилов мыкты экендигин көрсөтө алышты.

Азия кубогу 2019-жылы 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын курамасы (7-январь, Аль-Айн), Кытай (11-январь, Аль-Айн) жана Филиппиндер менен (16-январь, Дубай) ойнойт.