Футбол боюнча КР курамасы жаңы жыл алдында беттеш өткөрөт. Атаандашы ким?

Кыргызстандын курамасы Азия кубогуна катышуу үчүн январда Бириккен Араб Эмирлигине барат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун алдында контролдук беттеш өткөрөрүн КР командасынын медиаофицери Павел Синегубов билдирди.

Ага ылайык, кыргызстандык оюнчулар 31-декабрда Катарда Палестинанын футболчулары менен беттешет.

Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?
Оюн жабык түрдө өтүп, күйөрмандар киргизилбейт.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы эки жолу контролдук беттеш өткөрүп, Иорданияны 1:0 эсеби менен утуп, Катарга 0:1 эсебинде утулган.

Эске салсак, ушул тапта курама команда Азия кубогуна кам көрүү үчүн Доха (Катар) шаарында машыгууда.

Чемпионат 2019-жылдын 5-январында башталат.