Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Китеп окууга шыктандырчу 11 сунуш бар

Кутман таң, замандаш! Жакшы эс алдыңызбы?
Sputnik

Бурадар менен кечээки күндүн маанилүү делген окуяларын тизмектейбиз.

Анда кеттик!

Саясаттан кеп. Экс-президент Роза Отунбаева өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, камактагы мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну сурады

Ошондой эле "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши токтотулду

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өлкөнү карызга батырып коюп өкмөт мүчөлөрү байып жатат деген ойдо. Саясатчы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кенен маек курду

Глава фракции "Онугуу — Прогресс" Бакыт Торобаев

Жаңы жылдык белек үчүн 2,5 миллион сомдой каражат сарптаган мамлекеттик ишканалар бар. Дагы он мекеменин майрамдык чыгымын тизмектедик

Жапайы жаратылыштын символдору! Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Нарын коругуна жана Чоң-Кемин жаратылыш паркына коюлган фотокапканга түшкөн кадрларды жарыялады

Нарынский государственный заповедник и природный парк "Чон-Кемин"

Англия менен Индияга сатылган сурьма… Сөз Баткен облусу тууралуу болуп жатат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат

Кыргызстандык модель Керемет Космосбек кызы эл аралык Miss Tourism International — 2018 сынагына катышты. Керемет сүрөттөрүн көрүп койгула

 

 

Тагдырдын сыноосуна сынбай, бийиктикти багынткан жигит. Көзү азиз триатлет Жалалдин Абдувалиев Азия чемпионатында эки жолу коло медаль тагынган. Эми ийгилигин мындан ары да улантып, 2020-жылы Токиодо өтчү Паралимпиадага катуу даярданып жаткан кези. Спортчу ошол эле кезде өзү сыяктуу көзү көрбөгөн жарандардын коомго аралашуусуна да жардам берет. Sputnik Кыргызстан агенттиги спортчу менен жолугуп жашоосу, триатлон жана көзү азиздердин азыркы абалы тууралуу баарлашты

Койкойгон, көп тил билген,тил табыша алган милиционерлер. Азырынча туристтик милицияда 60 киши иштейт. Алардын бардыгы англис тилин билишсе, айрымдары башка да тилдерде сүйлөйт деп жетекчилиги ишендирүүдө. 

Колумнист Нуржигит Кадырбеков "ресторан, кафелердин, дүкөн-маркеттердин саны, жасалгасы боюнча дүйнөнүн көп өлкөсүн эбак эле артта калтырганбыз. Бирок китеп дүкөндөрүбүздү беш манжа менен санайбыз. Алардын көбү "өлбө жаным, өлбө" деп арабасын кылдыратып араң иштеп жатышат" дейт. Ал китеп окуу боюнча 11 сунуш берди

Шаршембиге карата аба ырайы менен таанышып алыңыз

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Асыл ой, адал иш, ак сөз — турмушка баш, көз!

Жакшылык, аманчылык тилеп Гүлдана Талантбекова