БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында аялды жана анын эки небересин өлтүрүүгө шектелип жаткан киши кармалып, жасаган кылмышын моюнга алганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
"Кармалган жаран дагы Көк-Ой айылында жашайт. Буга чейин уурулук кылганы үчүн жоопко тартылган. Бир нече жыл мурун үйлөнүп, кийин ажырашып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Окуя 21-декабрга караган түнү жасалган. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган айылдагы үйлөрдүн биринде чыккан өрттөн каза болгон 47 жаштагы аялдын жана анын эки небересинин — 4 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылган.
Шектүү жаран РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") жана 12-берене ("Зордуктоо") боюнча кылмыш иши козголду.
ИИМ буга чейин шектүү жаран менен кылмыш жасалган жердин сүрөтүн жарыялаган болчу.