Президенттик аппаратта дагы бир экс-министр иштемей болду

Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik.Назгүл Ташпаева КР президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты мандатынан кол жууду
Ташпаева 2009-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министри болуп иштеген. Андан кийин 2012-2013-жылдары КР президентине караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кафедрасында сабак берген.

Акыркы жолу 2019-2030-жылдарга карата калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуучу эксперттик топто эмгектенген.