Дүйшөнбек Зилалиевдин иши 5 күндөн кийин каралмай болду

Айрым ЖМКлар 2017-жылы 24-ноябрда, президенттин инаугурациясы болгон күнү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өкмөттүк трассага коюлган бомба тууралуу маалымат түшкөнүн жазып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин бомба тууралуу айткан иши боюнча апелляциялык арызды карап, негизги күбө болгон милиционер кыз келбегендиктен кийинкиге калтырды.

Келерки сот отуруму 25-декабрга, саат 11:30га белгиленди.

Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы
Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл октябрь айынын ортосунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди бомба маселеси боюнча үч жылга шарттуу эркинен ажыраткан болчу.

Эскерте кетсек, айрым ЖМКлар 2017-жылы 24-ноябрда, президенттин инаугурациясы болгон күнү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө өкмөттүк трассага коюлган бомба тууралуу маалымат түшкөнүн жазып чыгышкан. Маалыматты ИИМ академиясында окуган кыз Зилалиевге таянуу менен билдирген.

Зилалиев курсант кыз анын айткандарын туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн экенин же "формаңды оңдоп ал деген сөзгө теригип, Зилалиев бомба жарылат деп айтты" деши ыктымал деген пикирин айткан.