Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду

Экс-депутат буга чейин да Улуттук кардиология борборуна жатып дарыланып чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкектеги №47 түзөтүү колониясында жаткан экс-депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн ооруканага которулду. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Текебаев Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна которулуп, медициналык кароодон өтүп жатат.

"Бүгүн дарыгерлердин консилиуму болуп, Өмүрбек Текебаевди ооруканага которуу чечимин чыгарышты. Ал жерден кароодон өтөт да, анын жыйынтыгына жараша оор болсо ооруканага жаткырылат. Болбосо кайра кайтарылып абактан дарылануусун улантат", — деп ЖАМКдан билдиришти.

Исаков Текебаевдин камерасынан видеокөзөмөлдү алып салууну тапшырды
Текебаев ушул жылдын 31-июлунда дагы Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна которулган. Дарылануудан кийин ал кайра Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына кайтарылган

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш-жаза кодексинин коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган