Өз унаасы жок өкмөт мүчөлөрүнүн тизмеси. Алардын катарында транспорт министри бар

Тизменин сап башында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Өкмөт мүчөлөрүнүн көбү өзүнүн унаасы жоктугун билдиришкен. Бул тууралуу алардын 2017-жылдагы киреше, чыгаша жана мүлк боюнча декларациясында жазылган.

Кыргызстандын айрым соттору мал-мүлкүн жашырып койгону аныкталды
Өкмөттүн алмашканына, андан сырткары, кээ бир аткаминерлерге тиешелүү окуялардан улам былтыр өкмөт мүчөсү болуп жүргөндөр кызматынан кол жууган. Башка маселе — жаңы дайындалган министрлердин көбү же декларациясын тапшыра элек, же анысы азырынча жарыялана элек. Мындан сырткары, мамлекеттик төрт комитеттин жетекчисинин киреше-чыгашасы боюнча маалымат көрсөтүлгөн эмес. Айтор, Мамлекеттик салык кызматынын сайтында жети гана министрдин декларациясы жайгаштырылган.

Ага ылайык, унаасы жок өкмөт мүчөлөрүнүн тизмеси төмөнкүдөй:

— премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев (2017-жылы биринчи вице-премьер жана президенттин аппаратынын башчысынын биринчи орун басары болчу);

— биринчи-вице-премьер Кубатбек Боронов (ӨКМ жетекчиси);

— вице-премьер Алтынай Өмүрбекова (Жогорку Кеңештин депутаты);

— айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

— транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;

— билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.

Декларациясы жарыяланган менен бул тизменин ичинде экономика министри Олег Панкратов (вице-премьер) жок. Анын 2003-жылы чыккан Toyota Harrier үлгүсүндөгү унаасы бар.

Жакында эле өкмөт мүчөлөрүнүн бири, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн