520 миң доллар пара алам деп кармалган Азимкан Жусубалиевдин эмне байлыгы бар

Транспорт министринин орун басары 2015-2016-жылдары жеке унаасы жок, 45 чарчы метрлик батирде жашай турганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин эмне мүлкү бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги декларациясын карап тизмектеп чыкты.

Жусубалиевдин 2017-жылы, тагыраак айтканда, министрликте иштеп турган маалында тапшырган декларациясы жарыялана элек.

Ал эми 2015-2016-жылдары өкмөттүн аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр кызматы бѳлүмүн жетектеп турганда төмөндөгүдөй байлыгын көрсөткөн:

Жусубалиев 2015-жылы негизги жумушунан 669 375 сом иштеп тапкан. 45 чарчы метрлик батирге ээлик кылат. Унаасын сатуудан 380 000 сом киреше түшкөнүн белгилеген.

Транспорт министри Калилов кармалган орун басары тууралуу үн катты
Ал эми 2016-жылы негизги иштеген жеринен 709 167 сом, мындан сырткары, жарандык-укуктук келишимдер боюнча 390 000 сом тапкан. Мурунку эле батирин көрсөткөн, унаасы жок.

Жакын туугандары 2015-жылы 423 147 сом киреше тапканы айтылат. Алардын 300 чарчы метрлик жер тилкеси, 5 чарчы метрлик контейнери жана 95,9 чарчы метрлик турак жайы бар. Ошондой эле 2004-жылы чыгарылган Honda Area жана 2003-жылы чыгарылган Toyota Altezza үлгүсүндөгү унааларга ээлик кылышат.

2016-жылы жакын туугандары бир жылда 727 000 сом киреше чогулткан. Бул жылы Toyota Altezza үлгүсүндөгү унаасы көрсөтүлгөн эмес. Калган мүлктөрү мурунку жылдагыдан өзгөрүүсүз.

Белгилей кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат. Буга чейин 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.